Луганск Элдик Республикасынын (ЛЭР) Элдик милициясынын жоокерлери Северодонецкинин украиналык согушкерлерден бошотулган аймагынын тургундарына 1,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Элдик милициянын Telegram-каналына жарыяланды.
Балдарга таттуу токочтор, тургундарга кесме, чай, дан азыктары, эт консервалары, ичүүчү суу жана гигиеналык каражаттар таратылган.
"Биз колдооңуздарга ыраазыбыз. Чоң рахмат!" — дешти аймактын жашоочулары.
Украинанын куралдуу күчтөрү Северодонецкини дагы деле аткылап жатат. Учурда россиялык аскерлер аймакты 80 пайыз көзөмөлдөөдө.