Евразия экономикалык форуму

Министрлик: Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү энергетика рыногуна кирүүгө даяр

ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өз алдынча энергетикалык балансты ички керектөөлөргө ылайыктап түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Энергетика коопсуздугуна жетүү үчүн Кыргызстандын энергетиктеринин алдында бир катар тапшырмалар турат. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумда Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
Ал катышкан "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн энергетикалык коридорлорун түзүүнүн келечеги" сессиясынын модератору Айталиевге "Кыргызстандагы энергетикалык баланс кайсы багытка өзгөрүп жатат?" деген суроо узаткан.
"Биздин өлкөнүн энергетикалык балансы бир орунда турган жок. Өзгөчө соңку жылдары энергияга суроо-талап өсүп келе жатат. Андыктан бирдиктүү рынокту түзүү маселеси болуп көрбөгөндөй керектүү учурда көтөрүлдү. Пландалган 2025-жылга чейин ар тараптан даярданууга жетишебиз деп ойлойм. Негизи Кыргызстан бирдиктүү рынокко болгон ресурстарын салууга даяр", — деди министрдин орун басары.
Ошондой эле ал Энергетика министрлигинин алдында бир нече тапшырма турганын айтты.
"Биринчиден, генерацияны жогорулатуу. Бул багытта бир нече долбоорубуз бар. Мисалы, жакында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Аны казакстандык жана өзбекстандык кесиптештер менен биргеликте ишке ашырабыз деген план бар", — деди Айталиев.
Казакстан, Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Россия 2025-жылдын 1-январына чейин улуттук электр энергия рынокторун интеграциялоо аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы электр энергия рыногун түзүүнү пландаштырууда. Процесстин максаттарынын бири — өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарынын балансын сактоо.
Эми ЕАЭБдин ар бир мүчөсү өз алдынча энергетикалык балансты ички керектөөлөргө ылайыктап түзөт. Бирдиктүү рынокко өтүү менен системалар бири-бирин толуктап иштей алат.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара пландалган.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
Евразия экономикалык форуму
Россия Казакстан аркылуу Кыргызстанга энергетикалык коридор курууну көздөөдө