Бишкекте дүкөндүн жанында токтотулган автоунааны уурдап кеткен видео

Автокөлүктү 13-майда уурдап кетишкен, ээси милицияга үч күндөн соң кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Борбор калаада эркек киши Toyota Camry автоунаасын эч кыйынчылыксыз эле уурдап, айдап кеткен.
Кылмыш жасалып жаткан мүнөттөр байкоо камерасына түшүп калган.
Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы окуя 13-майда саат 05:20да Каралаев көчөсүндөгү ири дүкөндөрдүн биринин жанында болгондугун билдирди. Белгисиз адам баасы 12,6 миң доллар болгон Toyota Camry автоунаасын уурдай качкан.
Уурулук фактысы аныкталып, шектүү делген 35 жаштагы кишини кармашкан.
Автокөлүктү Бишкектеги конуштардын биринен таап, ээсине кайтарып беришкен.
Бишкекте таксисттин унаасын айдай качты деп 19 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт