Кытай эксперти: Украина АКШнын карыз тузагына түшүү коркунучунда

Макаланын автору Американы согуш менен башаламандыктан акча жасоочу вампир деп сыпаттаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Украина АКШнын ленд-лиз (карыз берүү) мыйзамы үчүн карыз тузагына түшүп калуу коркунучунда. Бул тууралуу Кытайдын Global Times порталына таянып, РИА Новости кабарлады.
"Украинага негизги сумманы төлөгөндөн тышкары АКШдан кийин ала турчу ар кандай курал, техниканын да пайыздарын төлөөгө туура келет", — деп жазган аскердик эксперт Чжунпин.
Автордун айтымында, ленд-лиз программасы арзан эмес. Америка Украинага аскердик техника бөлүп, колдоо көрсөтүү менен келечек муунунан бардык курал-жарак, жабдуу жана тамак-аш үчүн акысын төлөтүп алат.
"Украинадагы чыр-чатакты негизинен АКШ каржылап жатат. Жаңжалда алардын аскердик-өнөр жай комплекси жакшы эле пайда көрдү. Бирок баарынан дагы Украина жана анын эли утулууда", — деди эксперт.
Жыйынтыгында Украина ого бетер чачыранды болуп, жакырчылыктын, карыздын сазына батары айтылды.
Макаланын автору АКШны согуш менен башаламандыктан акча жасоочу вампир деп сыпаттаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШлык дипломат: Москва өз позициясын коргоодо Вашингтондон озуп кетти