ДССУ: гепатиттин белгисиз түрүн жуктурган балдардын саны өсүп жатат

Эң көп учур катталган Улуу Британияда гепатит болгондордун 75 пайызынан F41 деп аталган аденовирус аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Курч кармаган гепатиттин белгисиз түрү менен ооруп жаткан балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ЖМК менен байланыш боюнча адиси Тарик Ясаревич билдиргенин Reuters жазды.
Апрель айынын аягында илдет 20 өлкөдө 169 баладан катталса, 1-майда ооругандар 228ге жеткени маалымдалды. Учурда 50 учур текшерилип жатат. Көз жумгандардын саны бешке жетиши мүмкүн. Индонезиянын борбору Жакартада жаңы гепатитке шектелген сегиз жана 11 жаштагы балдардын өлүмүнүн себеби такталууда.
Ооруган балдардын саны өсүп жаткан себеби азыркыга чейин белгисиз, бир гана аденовирус негизги версия катары каралууда. Эң көп учур катталган Улуу Британияда гепатит болгондордун 75 пайызынан F41 деп аталган аденовирус аныкталган.
Аденовирус негизинен иммунитети төмөн бейтаптардын абалын оорлоштурган вирус катары белгилүү. Бирок гепатиттин табышмактуу түрүнүн баары ден соолугу чың балдардан чыккан. Ошондуктан эгер F41 чынында эле мындай толкундун себеби болсо "эмнеге аденовирустук инфекциянын табияты катуу өзгөрүп жана 2022-жылы күч алганын түшүндүрүү керек" деп эсептейт окумуштуулар.
Алар ата-энелерди балдарынын ич өтүү, кусуу, ошондой эле териси жана көзү саргайып сарыктын белгилери байкалса тез арада медиктерге кайрылууга чакырат. Инфекцияны жайылтууга жол бербөө үчүн колду таза жууп, оозду жаап жөтөлүп, чүчкүрүү сыяктуу гигиенанын негизги эрежелерин сактоону эскертет.
Гематолог Нарбеков: кан оорулары балдар арасында көбөйүп жатат