Гематолог Нарбеков: кан оорулары балдар арасында көбөйүп жатат

© AP Photo / Carolyn KasterМедиктер кыздан кан алып жатышат. Архив
Медиктер кыздан кан алып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Гемофилия, гематология оорулары өз ара түрлөргө да бөлүнөт. Бирок алардын күчөп кетпешине шарт түзүп, абалды жөнгө салууга болот.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери, гематолог Тимур Нарбеков маек берди. Биз гематологиялык ооруларды алдын алуу жана балдар арасындагы тез жайылышынын себеби тууралуу баарлаштык.
— Дүйнөдө гематологиялык оорулардын жайылышы жана алардын түрлөрүнүн да көбөйүшү байкалат. Бул жаатта Кыргызстанда абал кандай?
— Башка оорулардын катарында гематологиялык дарттардын да саны арбып келет. Бир чети бул адистердин жана аталган кызматтын өнүгүшүнө да байланыштуу болушу мүмкүн. Кан бардык органдарды кычкылтек жана азык-түлүк менен камсыз кылат. Ошол себептен гематологиялык оорулар оор илдетке кирет. Кан оорулары көпчүлүк учурда тукум куугандыктан тубаса болот. Ошолордун ичинде апластикалык анемия да бар. Мында кан жакшы иштелип чыкпай кемиктин анемиясы пайда болот. Кемик — бул сөөктүн ичинде (кабырга, омуртка, жамбаш, жилик сөөктөрүндөгү кемирчек — ред.) кан иштеп чыгуучу орган. Ар түрдүү физикалык (радиация), химиялык (токсиндер) жана биологиялык (вирустар, инфекциялар) факторлордун кесепетинен кемик жабыркашы мүмкүн. Кандын негизги компоненттери болуп лейкоциттер, эритроциттер жана тромбоциттер эсептелинет. Ушул үч негизги клетка адамдын жашоосуна керектүү процесстерди камсыз кылат. Булар жетишсиз болсо кандын апластикалык анемиясы пайда болот. Азыр дүйнөдө темир жетпей жабыркагандар көбөйүп кетти. Бирок ал коркунучтуу кан оорусуна кирбейт. Кош бойлуулук, төрөт, айыз, бала эмизүүдөн улам кандагы темирдин жетишсиздиги аял кишилерде көп кездешет. Дүйнө жүзүндөгү 2,5 миллиард адам темир жетишпестиги менен жабыркай турганы белгилүү болгон. Ал эми апластикалык анемия аял-эркекке карабай бардык куракта кезигет. Тукум куушу да ыктымал. Ушул тапта онкология борборунда лейкоз менен жабыркаган бейтаптарды мамлекеттик медициналык каттоо башталды. Кан оорусуна чалдыккан жарандардын санын так билип, аларга байкоо жүргүзүп, көзөмөлдөп туруу үчүн бул абдан маанилүү.
— Буга чейин ак кан оорусун каттоо иштери жүргүзүлдү беле?
— Тилекке каршы, уюштуруу жаатында кемчиликтер болгон. 2017-жылы гематология кызматы өкмөттүн чечими менен Улуттук онкология борборуна кошулган. Буга чейин жылда статистикалык маалыматтарды берип турганыбыз менен регистр аркылуу көзөмөлдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.
© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери, гематолог Тимур Нарбеков
Врач гематолог Национального центра онкологии и гематологии преподаватель КГМА Тимур Нарбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери, гематолог Тимур Нарбеков
— Адистер жаңы төрөлгөн наристелердин арасында да кан оорулары өсүп жатканын айтышты эле. Муну алдын алуу мүмкүнбү, кантип дарылайбыз?
— Аялда темир жетишпесе, бала анемия болуп төрөлөт. Бирок ал тубаса дарт катары каралбайт, дарыласа болот. Ал эми гематологиялык оор дарттарга генетикалык мутация, кандагы тромбоциттин азайышы себеп. Тубаса гемофилия дарты кандын уюшуна керектүү заттардын жетишпестигинен келип чыгат. Учурда кан оорунун көбөйүшүнө олуттуу чара колдонуп, министрликтин деңгээлинде көзөмөлдөө керек.
— 8-9-фактордун жетишпестиги менен ооруган 15 жашка чейинки балдар бекер дарыланышы керек экени айтылат. Бирок өлкөдө мындай ооруларга дары-дармек да тартыш экен...
— Гемофилиянын А тиби 8-фактордун, ал эми гемофилия В 9-фактордун жетишсиздигинен келип чыгат. Экөөнүн мүнөздөмөсү бирдей эле, бирок дары-дармегинен айырмаланат. Бул бейтаптарга 8-9-фактор куюлуп турат. 2008-жылдан баштап чоңдор да Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан дары-дармек менен камсыз боло баштаган. Буга чейин дары жетишпегендиктен плазма куюп, кансыроону токтотчубуз. Бирок плазмада концентрат азыраак. Бул дарылар мамлекет тарабынан алынганы менен жетишсиз болуп жатат. Гемофилия менен жабыркаган балдарга ушул дарыларды алдын ала профилактика иретинде берип турсак, кансыроо токтоп, балдардын муундары жабыркабайт эле. Себеби муундарга, чыканакка, башка кан топтолот. Профилактика болбосо балдар кичинесинде эле майып болуп же каза табат. Эгер дарылар жетиштүү болсо балдардын жашоо сапаты, өмүрүнүн узактыгы да башка балдардан эч айырмаланбайт.
Доцент кафедры урологии и андрологии и последипломного образования КГМА Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Простатит менен ооругандардын нерви, жүрөгү да жабыркайт. Уролог Рысбаевдин маеги
— Темир жетишпестигинен улам ден соолугу чың балдар төрөлбөй калышы мүмкүндүгүн жана анын кооптуулугун билбеген энелер көп. Бүгүнкү күндө маалымат жеткирүү жагы кандай деңгээлде?
— Кыргызстанда темир жетишпестиги бизде биринчи орунда турат. Бала төрөөдө аралыкты сактоо керек. Эки жыл сайын эле төрөй берсе организмде керектүү заттар азаят. Аял кош бойлуулукка даярданып, жалпы кан анализинен гемоглобиндин деңгээли жогору болушу шарт. Гинеколог кош бойлуу аялга темир жана башка витаминдерди ичүүнү сунушташы шарт. Аял киши айыз көргөндүктөн аз кандуулукту жеңил көтөрөт. Эненин ден соолугу чың болсо бала да сак-саламат төрөлөт. Демек, мындан мамлекеттин келечеги көз каранды.
— Пандемиядан улам коронавируска каршы вакцина алуу маселеси келип чыкты. Мунун кан ооруларына кандай таасири бар?
— Каршы көрсөтмөсү жок. Жалпысынан колдонууга жарайт. Бирок гематологиялык оорулардын оор түрүнө кабылып же бейтаптын иммунитети абдан түшүп кеткен болсо, вакцинаны убактылуу албай турууну кеңеш кылат элек. Оору туруктуу абалда эмдөөнүн эч кандай зыяны жок. Кандай гана болбосун дарыгер менен кеңешип коюу керек.
— Акыркы учурда хиджама деген түшүнүк чыкты. Аны менен керексиз канды сыртка чыгарып салып, айрым ооруларды айыктыруу мүмкүн экенин айтышууда. Гематология жаатында хиджаманын мааниси кандай?
— Гематологияда плазмаферез деген ыкма бар. Башкача айтканда, канды тазалоо болуп эсептелинет. Кан — бул жашоо булагы. Бардык органдарды кычкылтек өңдүү керектүү зат менен азыктандырат. Ошону менен бирге инфекциялык сезгенүү, онкологиялык, ревматологиялык процесстерби, айтор, бардык оорулар кандын ичинде болот. Зат алмашуу канда болгондуктан ал тазалоого муктаж. Ошол себептен плазмаферез ыкмасын колдонобуз. Анда бейтаптан алынган канды стационардык центрифугага салып айландырабыз. Анда эритроцит, тромбоциттер ылдый түшүп, суюгу, плазмасы үстүнө чыгып тунуп калат. Плазманы алып туруп, анын ордуна физиологиялык эритмени куюп, кандын клеткаларын кайра бейтапка кайтарабыз. Плазманы алып койгон себебибиз анын ичинде оорунун бардык процесстери болот. Бул ыкма көп ооруларга жакшы таасир берет.
Нарбеков: лейкоз менен ооругандарды каттоо башталды
Хиджама тууралуу. Кыргызстанда азыр бул жаатта жогорку деңгээлдеги адистер жана медициналык борборлор жок. Хиджаманын өзү жараксыз канды алып салып жаңы клеткалардын пайда болушуна жакшы таасир берет. Бул кемикке да чоң стимул болот. Көп ооруларга пайдалуу. Бирок хиджама жасоого бизде керектүү шарт түзүлө элек. Тажрыйбалуу адистер жок. Себеби медицина тармагынан, министрликтен буга олуттуу мамиле жасалбай жатат.
— Гематология тармагында да адистердин жетишпестиги байкалабы?
— Адистердин жетишпестиги орчундуу көйгөй. Негизи гематологиялык оорулар сейрек кездешет. Ошондой эле дарыгерлер да жетишпейт, өзгөчө аймактарда тартыш. Кыргызстан боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда гана гематологдор бар. Башка региондо жок. Ооругандардын саны көбөйгөнү менен дарыгерлер саналуу болуп жатканы ойлондурат. Азыр өлкө боюнча гемофилия менен 377 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 320сы гемофилиянын А түрү менен жабыркаса, 57си В тиби менен ооруп жатат. Өзүм ушул жаатта көп иштегендиктен так санын билем. Статистика боюнча жаңы төрөлгөн 10 миң ымыркайдын бирөө кан оорусуна чалдыгат. Ошондо 100 миңге он, миллионго 100 бейтап туура келет. Бирок коңшу өлкөлөр арасында (Борбордук Азия) гематологиялык оорулар боюнча анализ жасалган эмес. Казакстанда каттоо системасы жана кемикти алмаштыруу жакшы жолго коюлган.
Учурда бизде дагы жаңы жабдыктар алынып, Жал кичи районундагы балдар ооруканасына жайгаштырылып жатат. Буюрса ушул жагын иреттеп алсак, элибиз кемикти алмаштыруу үчүн Түркияга, Индияга барып убара болбой калат.
Ооруканадагы өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Баланы сүннөткө отургузууда эмнени билүү керек? 8 суроого жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0