Радио

Самаганов: Борбор Азияда экономикалык алака чыңалса чек ара чыры токтойт

"Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун проект-менеджери Нурбол Самаганов Борбор Азияда экономикалык алаканы чыңдоо аймактагы абалды жакшыртат деген пикирин билдирди.
Sputnik
Борбор Азия өлкөлөрү бири-бири менен экономикалык байланышы абдан начар аймакка кирет. Ошондуктан да ич ара ар түрдүү чыр-чатактарга оңой эле жол берилип кетет. Мындай пикири менен Нурбол Самаганов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин дагы экономикалык байланыштарды күчөтүү аркылуу чечсе болот.
"Тарыхтан мисал алсак болот. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң аталган өлкөлөр ортосунда мындан ары согуш болбосун деген максатта Франция менен Германия биргеликте "Европанын көмүр жана болот биримдиги" деген уюм түзгөн. Бүгүнкү күндө аны биз Евробиримдик деп билебиз. Мына ушундай өлкөлөр ортосунда экономикалык чиеленишкен байланыштар аларды аргасыздан да ушунча жылдан бери "достук" мамилени сактап жашоого мажбур кылып келет. Борбор Азия да мына ушундай эле кадамдарга барса болот. Аймак табигый ресурстарга бай, өндүрүштү күчөтүүгө ыңгайлуу жер. Андыктан ар тараптан түзүлгөн экономикалык алака бекемделсе, кошуна мамлекеттердин капчыгына эле эмес, бири-бири менен болгон мамилесине да оң таасирин тийгизмек. Ушундай эле жол менен кыргыз-тажик чек ара маселесин да чечсе болот", — деди Самаганов.
Ал кыргыз, тажик чек ара конфликтилеринде Кыргызстандын айла жоктон барып жаткан экономикалык эмбаргосунан үчүнчү мамлекет Өзбекстандын жеке ишкерлеринен башка эч ким деле пайда көрбөстүгүн кошумчалады.