Жекшембиге карата аба ырайы

3-7-апрель аралыгында күн жылыганына байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болуу коркунучу сакталат. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 3-апрелде республика боюнча күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көлдө жана Нарын аймагында +11...+16 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20...+22, Ошто +23...+25 градуска жетет.
Радио
Кырбашева: альтернативдүү булактардан өндүрүлгөн энергияны 10%га жеткирүү керек