37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты

Журналисттин сөөгү бүгүн 18:00дө жерге берилери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Баткен шаарында журналист Арзыгүл Галымбетова дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.
Журналист 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылды. Ал 2010-жылдан бери АКИpress маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы болуп иштеп жаткан.
Арзыгүл Галымбетова 37 жашта болгон. Анын сөөгү бүгүн, өзү туулуп-өскөн Баткен шаарында 18:00дө жерге берилет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада курман болгон Дорбоев Россиянын Эрдик ордени менен сыйланды