БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Кытайдын гранттык каражатынын эсебинен борбор калаадагы жолдорду ремонттоо менен алектенген China Road and Bridge Corporation компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.
Тараптар "Бишкек шаарынын жол-көчө тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү фазасын баштоо боюнча сөз кылышты. Анда кайчылаш жолдорду курууга басым жасалмакчы. Негизги максат — ири көчөлөрдө жол тыгындарын азайтуу.
Кайчылаш жолдор төмөнкү көчөлөрдө курулмакчы:
Фучик жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилиши;
Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши;
Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиши (каражат үнөмдөлүп калса);
Сүйүмбаев жана Төрөкул Айтматов көчөлөрү аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыкчу жол.
Эске салсак, "Бишкек шаарынын жол-көчө тармактарын өнүктүрүү" долбоору эки жылга эсептелген. Анын алкагында 60 көчө жана беш көпүрө ремонттолот.