Кыргызстандан 700 млн. доллар чыгарып кеткен кытайлык аялга айып салынды

Тергөө маалында чет элдик жаран укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кызматташып, күнөөсүн толук мойнуна алган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандан 700 миллион долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен кытайлык аялга карата соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, 2019-жылы бир нече кыргызстандык менен Кытайдын бир жараны 697 миллион 591 миң 90 АКШ долларын Кытай Эл Республикасындагы бир компанияга которушкан. Ал үчүн бир канча фирманын жана бир банктын эсептери колдонулган.
Ошол топтун ичинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси, "Халык банк Кыргызстан" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары да болгон.
Тергөө маалында чет элдик жаран укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кызматташып, күнөөсүн толук мойнуна алган.
Фемида өкүлдөрү ири суммадагы чет элдик валютаны сыртка чыгарып кеткен жаранды 260 миң сом төлөмөр кылып, үй камагына чыгарды.
Жактоочу: Атамбаевди сотко ич кийимчен, футболкачан күчтөп алып келишти. Видео
Бишкекте таксисттин унаасын айдай качты деп 19 жаштагы кыз кармалды. Сүрөт