Чүйдө жеке ишкер лифт чыгаруучу ишкана ачты. Сүрөттөр

Ишкананын жетекчиси борбор калаадагы лифтилерди алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Ленинское айылында лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик компания ишин баштап, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 8

Чүй облусунун Ленинское айылында лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик компания ишин баштап, анын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты

2 / 8

Өкмөт башчы учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген

3 / 8

Өз кезегинде компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу максаты бар экенин айткан

4 / 8

Ошондой эле ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөрүн жана Бишкек шаарындагы лифтилердин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилеген

5 / 8

Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышы

6 / 8

Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышы

7 / 8

Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышы

8 / 8

Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышы

Өкмөт башчы учурда жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген.
"Кечээ автобус өндүрүү боюнча "Белес" заводу ачылды, бүгүн биз республикадагы лифт чыгарган ишкананын ачылышында турабыз. Мунун өзү — жаңы жумуш орундары жана республикалык бюджетке чегерүүлөр, жалпы эле аймактын өнүгүүсү. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана чет элдик аналогдордон кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек. Эгерде даяр бизнес-план болсо, аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз", — деди Жапаров.
Өз кезегинде компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева алдыга койгон амбициялуу пландары, анын ичинде Борбор Азия жана Евразия экономикалык биримдигинин рынокторуна чыгуу максаты бар экенин айткан. Ошондой эле ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу 500 даана техниканы түзөрүн жана Бишкек шаарындагы лифтилердин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилеген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Садыр Жапаров "Көчмөндөр мурасынын" сунуштарын жактырды. Тизме