Ашыраалы Айталиевге арналган айтыш. Баш байгеге Амантай Кутманалиев ээ болду

Сынакка 12 акын катышкан. Алдыңкы орундарды ээлегендерден тышкары, катышкандарга акчалай сыйлык берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Залкар акын, КРдин эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтышта баш байгеге Амантай Кутманалиев ээ болду.
Сынак Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү. Аны "Айтыш" коомдук фонду жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги биргеликте уюштурду.
Тандоо туруна 49 акын катышып, финалга өткөн 12 акын күч сынашкан.
Баш байгенин ээси Амантай Кутманалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу колдоо көрсөткөн күйөрмандарына ыраазычылык билдирген.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов акындарды куттуктап, Амантай Кутманаливге атайын диплом жана 200 миң өлчөмүндөгү баш байгени тапшырган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов акындарды куттуктап, Амантай Кутманаливге атайын диплом жана 200 миң өлчөмүндөгү баш байгени тапшырды
Республикалык айтышта алдыңкы үч орунду төмөнкү акындар алды:
1-орун, 150 миң сом — Акматбек Султан уулу;
2-орун, 100 миң сом — Баян Акматов;
3-орун, 50 миң сом — Мамбеттокто Орозо.
Сынакка катышкан калган акындарга 35 миң сомдон берилген.
Кыргыз улуттук "Манас" театры имараттуу болду. Сүрөт