Шаршембиге карата аба ырайы

16-20-март аралыгында туруксуз аба ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Шаршембиде республиканын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +8...+13, Талас жергесинде +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл чөлкөмүндө +5...+10, Нарында +4...+9 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +8...+10 жана Ошто +10...+12 градуска жетет.
Кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Бишкекте Ноорузда өтө турган майрамдык программа жарыяланды