БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Украина делегациясынын мүчөсү Давид Арахамия Россия менен сүйлөшүүлөр башталганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кечээ, 14-мартта, Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүнүн төртүнчү раунду башталган. Жети саатка созулган онлайн талкуудан соң катышуучулар техникалык тыныгуу алышкан. Арахамия учурда сүйлөшүүлөр кайра башталганын тастыктаган.
Буга чейин Беларуста Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн үч раунду өткөн. Экинчи жолугушууда тараптар жарандарды эвакуациялоо, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүү үчүн гуманитардык коридор уюштурууну макулдашкан.