Яворов полигонуна урулган сокку. РФтин НАТО менен Пентагонго соңку эскертүүсү

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүЯворов полигонундагы аскердик машыгуулар. Архив
Яворов полигонундагы аскердик машыгуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2022
Жазылуу
Пентагон менен НАТОнун Украинадагы башкы базасына ракеталык топтоштурулган сокку урулду. Аталган республикада тымызын жана түздөн-түз куралдуу жаңжалга аралашууга тырышып келген Батышка РФтин акыркы эскертүүсү болду.
13-марттын таңында Пентагон менен НАТОнун Украина аймагындагы башкы базасы ракеталык топтоштурулган сокку менен иш жүзүндө жер менен жексен кылынды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул окуянын тегерегинде кеп козгогон.
База Львов облусунун Старичи айылына жакын жерде жайгашкан. Ракеталык соккунун натыйжасында Яворов полигонунда 180ге жакын чет өлкөлүк жалданма жоокер, НАТОлук жана украиналык аскердик инструкторлор, "Чет элдик легионду" согуштук аракеттер жүргөн райондорго жөнөтөр алдында даярдоо жана аскерий шайкеш келтирүү борбору, ошондой эле Украинага Батыш өлкөлөрү тарабынан берилген курал-жарак кампасы жок кылынды.
Андан бир күн мурун Черниговдо "Украина" мейманканасынын имаратындагы чет өлкөлүк согушкерлердин базасына да сокку урулган. 24-февралдан тарта Москва Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча россиялык аскердик атайын операцияларына кийлигишүүгө катуу чара көрүлөрүн Вашингтон менен Брюсселге эскертип келгени белгилүү.
Бирок АКШ менен НАТО киевдик режимди "коргонуучу" курал менен камсыздаганын койбой, чет өлкөлүк жалданма жоокерлердин отряддарын түзүп киришти. Андай шыкактамайдын жыйынтыгы айдан ачык – украиналык территориядагы батыш адистери жана курал-жарактары россиялык аскерлердин ракеталык-бомбалык соккулары үчүн "мыйзамдуу" жана артыкчылыктуу буталарына айланды.
Яворов полигону жана окуу борбору – америкалыктар жана алардын союздаштары үчүн Германиядагы АКШнын "Рамштайн" аскердик базасынын эбегейсиз аналогу. Старичи айылынын четине РФтин Батыштагы "өнөктөштөрү" 1990-жылдардын ортосунан тарта, тагыраагы, 25 жылдан ашуун мезгил мурун отурукташкан. Мында украиналык аскердик бөлүктөр НАТОнун Ирак, Афганистан жана башка кан күйгөн жерлердеги жоокерлери менен өз ара аракет этүү үчүн даярдыктан өткөрүлчү. Дал ушул жакка алгачкы "Жавелиндер" жана "Стингерлер" алып келинген.
Ошондой эле сокку урулган бул объектилерде НАТОнун макулдугу менен жеке аскердик компаниялардын чет элдик жалданма жоокерлеринин катышуусунда окуулар өткөрүлүп турган. Алар Украинага Россия менен согушуу үчүн келгени белгилүү.
Азыркы тапта Яворовск окуу борборунун полигондук жана методикалык базасы талкаланып, инструкторлор жок кылынып, миңдеген чет өлкөлүк жалданма жоокерлер чогулган жана куралданган жайынан кол жууп калышты.
Донецкте жардырылган аскердик унаалар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия аскерлери Украинанын 3 700 аскердик объектисин жок кылганы айтылды
РФ Коргоо министрлиги жеке аскердик компаниялардын жалданма аскерлерин биринчи кезекте жок кылууну убада кылып, Батыш Украинадагы аскердик объектилерге сокку уруу боюнча тынымсыз иш алпарууда. 11-мартта Украина Куралдуу күчтөрүнүн Польша жана Словакия менен чектешкен жерге жакынкы Луцк жана Ивано-Франковск шаарларынын айланасындагы авиабаза жана башка объектилери ыраактан таамай тийчү куралдар менен талкаланган.
Киевдик режим жана НАТО тарабынан "Чет элдик легион" долбоорунун жыйыштырылышы да мыйзам ченемдүү көрүнөт. Аткарылгыс вазийпа, жалданма жоокерлер Польшадан кайра артка билет сатып алып, ал эми НАТО өлкөлөрү Россия менен согуш үчүн "ыктыярчыларды" топтоону токтотушту.
Украина тараптын маалыматында 13-мартта Яворов полигонуна 30га жакын россиялык ракета учуп келгени айтылат. Коркконго кош көрүнөрү чын белем, бирок сокку урулган жердеги фото жана видеолор Эл аралык тынчтык орнотуучу жана коопсуздук борбору деп аталган объектиге бир нече сокку урулуп, катуу талкаланышын тастыктап турат.
The New York Times (NYT) сокку уруу жана андан кийинки абалдын жеринен тартылган кадрларды жарыялады. Ошону менен бирге эле NYT басылмасынын кабарчысы Дэвид Филлипс сокку урулган убакта Яворовск полигонунда америкалык жалданма жоокерлер болгонун кабарлады.
Мында аман калган, бир катар эрдиги бар АКШ Армиясынын атайын багыттагы аскери Нолан Петерсон ондогон америкалыктардын өлүмүн тастыктап, Украина үчүн согушууга келген 200 "ыктыярчынын" ичинен 30у гана тирүү калганын кабарлады. Львовдо жабыркаган жалданма аскерлердин көпчүлүгүнүн абалы оор экени айтылууда. Франциялык ыктыярчылардын бири каза таап, бир нечеси жаракат алганы да белгилүү. Украинага франциялык жалданма аскерлерди жөнөтүүнү уюштурган Уго Пеллегрини "Интернационалдык легионго" киши алуу токтотулганын билдирди.
Батышта украиналык долбоор жабыла элек, бирок "ыктыярчылардын" саны кескин азайып кетти. Анткени экинчи өмүр акчага да сатып алынбайт эмеспи. Россия түндүк атлантикалык альянска мүчө-өлкөлөрдөн Украинадагы келген жалданма аскерлерди жок кылууга даярдыгын, мүмкүнчүлүк жана майнаптуу чара көрүлөрүн так кесе белгилеп келет.
Украина коргоо министри Алексей Резников дагы бир ирет НАТОну "аба мейкиндигин жабууга" чакырды, анткени анын айтымында Яворовск полигонунда Россия дээрлик "бүт дүйнөгө чабуул" койду.
Украина президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак Россиянын кийинки соккуларына жол бербеш үчүн АКШ Мамлекеттик департаментине Батыш Украинага сириялык үлгүгө таянуу менен америкалык аскер базаларын жайгаштырууну сунуштады. Анткен менен Вашингтон украиналык согуштук аракеттер театрына өз күчтөрүн жөнөткүсү келбегенин күн куру эмес жарыялап туру.
Москвадагы Макдоналдс ресторанынын тактасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга берген сабагы. Тыянак чыгарчу убак
АКШнын Коргоо министрлигинин атайын өкүлү Жон Кирби 13-мартта америкалык аскердик инструкторлор эки апта мурун Львовдун чет жакасындагы машыгуу борборунан кеткенин билдирди.
АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жейк Салливан америкалык аскерлер Украинадагы операцияларга катышпастыгын, Ак үй аталган өлкөгө эч кимди жөнөтпөй турганын маалымдады. Ал тургай документтер менен тастыкталып турса да Украинадагы өзүнүн отуз биолабораториясы жөнүндө Пентагон караманча танууда. Кошмо Штаттар АКШ Украинадагы жаңжалдын улана беришине кызыкдар, бирок аскердик кылмыштардын баарына киевдик режим гана жооп берип калары турулуу иш.
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель El Pais газетасына берген маегинде "НАТОнун Украинанын тегерегиндеги жаңжалга аралашуусу Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башаты болушу ыктымал" деген кооптонуусун жашырган эмес.
Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча чеберчилик менен аткарылып жаткан россиялык операция пландуу түрдө жүрүүдө. Россиялык жоокерлер ырааттуулук менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн, улуттук батальондорунун бөлүктөрү жана чыңдалган райондорунун мизин кайтарууда.
Америкалык чалгындоо кызматы Украинанын Башкы штабына Донбасстагы республикалардын жана Россиянын күчтөрүнүн ыкчам курчоосуна кабылып калбоо үчүн тез арада "чыгыш фронтту" чыңдоо керектигин эскертүүдө. Бирок "чепти" бекемдөөгө эч нерсе калган жок. Мындан бир топ убакыт мурун эле Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жогорку командачысына өлкөнүн түштүк-чыгышында оор аскердик техниканын 70 пайызы жок кылынганын маалымдаган.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн, улуттук батальондорунун каршылык көрсөтүү очоктору жергиликтүү жайкын тургундарды "тирүү калкан" катары пайдаланып, террордук ыкмалар менен гана сакталып турат. Ушундай ниети бузук процессти украиналык президенттин кеңсеси түз жетектөөдө.
14-мартта Донецкини "Точка-У" комплекси менен аткылоо да улутчулдар бөлүгү жасаган иш экени билинип турат. Россия Тергөө комитети Донецк Эл Республикасынын жай калкына украиналык ракеталардын атылышы боюнча согуштун тыюу салынган ыкмаларын пайдалануу деген берене менен кылмыш ишин козгоду.
Атайын операциялардын он сегиз күнүнүн жыйынтыгы боюнча, Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү Украина аймагынын үчтөн бирин көзөмөлгө алып, чабуулун улантууда. Украинанын 3 920 аскердик объектиси иштен чыгарылган. 143 учкучсуз аппарат, 1 267 танк жана башка зооттолгон аскердик машина, 124 залптык октун реактивдүү тутуму, 457 талаа артиллериясы жана миномет, 1 028 атайын автомобилдик техника бирдиги талкаланган.
Россиялык операция күнү-түнү уланууда. Батыштагы фейк маалыматтардын агымынан улам Кремль кечээ, 14-мартта, РФ жетекчилигинин Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча россиялык аскердик атайын операциясы жаатындагы бардык пландары "толук көлөмдө" жүзөгө ашырыларын дагы бир ирет расмий түрдө тактады.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Карьердеги руданы самосвалга жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
"Оңбой калат". Россиялык сырьедон баш тартса Батыш кандай зыян тартат?
Жаңылыктар түрмөгү
0