Кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

18-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. 16-20-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
16-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, 18-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
18-19-мартта Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
18-21-мартта абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус болот.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3кө чейин жылуу болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3кө чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5 градус болот. Тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус суук болушу күтүлөт.
Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Бишкекте Ноорузда өтө турган майрамдык программа жарыяланды
Күн жылыйбы? Алдыдагы аптага аба ырайы