Ак калпак майрамы Бишкектин "Ынтымак-2" сейил багында өткөрүлөт

Майрам күнү жөө жүрүш, "Калпак бий" аталышындагы флешмоб болору күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Борбор калаада 5-мартта Ак калпак жана улуттук кийимдердин күнү белгиленет. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Майрамдык иш-чара шаардын "Ынтымак-2" сейил багында уюштурулат. Анда жөө жүрүш, "Калпак бий" аталышындагы флешмоб болору күтүлүүдө.
Ошондой эле "Кыргыздын салттуу кийими" үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер-класстар тартууланып, концерттик программа менен коштолот.
Ак калпак — кыргыздын улуттук баш кийими. Калпак күнүнө карата кызыктуу баян