Ак калпак — кыргыздын улуттук баш кийими. Калпак күнүнө карата кызыктуу баян

Ак калпак
Ак калпак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Жазылуу
Ак калпак — кыргыз элинин улуттук баш кийими. Аны кийип жүрүү абдан ыңгайлуу.
Илгери хан шайлаганда башына ак калпак кийгизишкен. Бул анын акылы тунук, элине ак эмгек кылсын дегенди түшүндүргөн.
Калпактын төбөсүндө кайчылашып турган төрт сызык анын төрт курагын бириктирип турат жана күндүн, жашоонун символу деп эсептелет. Бул баш кийимдин төрт талаага бычылышында кыргыздардын сандык касиети каралган. Анткени төрт деген сан байыртадан көчмөн кыргыздарда өзгөчө мааниге ээ болгон. Аалам төрт тараптан: түндүк, түштүк, батыш, чыгыш; мезгил төрткө: жаз, жай, күз, кыш; төрт түлүк мал: төө, топоз, жылкы, уй деп бөлүнөт. Мындай сандык касиет калпакта атайын жасалган дешет.
Илимий жактан алгандагы артыкчылыгы. Калпак жасалган уяң жүн терди жакшы сиңирет. Ал өзүндөгү суунун бир бөлүгүн сиңирип алгандыктан аны кийген адамдын башы тердебей кургак жүргөнүнө шарт түзгөн. Жүндүн кылдарындагы миллиондогон аба жаздыкчалары суукта да, ысыкта да жылуулукту жакшы сактап турат. Кийизден жасалган калпак күндүн ден соолукка коркунуч алып келген ультрафиолет нурун адамдын мээсине өткөрбөйт.
1/7

Ак-калпак

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Ак-калпак

Ак-калпак - Sputnik Кыргызстан
2/7

Ак-калпак

3/7

Ак-калпак

4/7

Ак-калпак

5/7

Ак-калпак

6/7

Ак-калпак

© Sputnik / В. Зеленова / Медиабанкка өтүү

Ак-калпак

Ак-калпак - Sputnik Кыргызстан
7/7

Ак-калпак

1/7

Ак-калпак

2/7

Ак-калпак

3/7

Ак-калпак

4/7

Ак-калпак

5/7

Ак-калпак

6/7

Ак-калпак

7/7

Ак-калпак

Калпак кантип жасалат

Жүн жана кийиз. Калпактын тикесинен тик турганы кийизге, ал эми кийиздин сапаты жүнгө байланыштуу. Кийиз өтө жука келсе, бир жайдан чыкпайт. Ал эми жакшы кийизден жасалган калпак бапестеп кийсе 20 жылга чейин чыдайт.
Калпак жасаган мурдагы уздардын айтымында, меринос тукумундагы койдун жүнү жакшы кирбейт, оор келип, кийиз дыңкыйып, ийне өтүшү кыйын. Ал эми козунун жүнүнөн жакшы калпак чыгат. Кийгенде жеңил болот. Баса, күзгү жүн жазындагысынан жогору бааланат. Жазгысын "даакы", күзгүсүн "күзөм" дешкен. Сый калпактар үчүн токтунун моюн жүнүн пайдаланып, кийизин абдан жакшылап басышкан.
Калпакка керектелүүчү кийизди жай мезгилинде камдашкан. Себеби бул учурда жүн ойдогудай, жакшы кургаган. Ал эми азыркы шартта кол өнөрчүлөр жылуу, заманбап кенен жайларда кургатып алышат.
Этнограф Амантур Акматалиев эмгектеринин биринде алай тукумундагы кой, козуларды пайдаланып жасаган чеберлердин ыкмасын жазып, калтырып кеткен.
Ал процесс төмөнкүдөй:
Жүн тазаланат, кылданат, майда тытылат, узундугун 5 сантиметрдей кылып кайчы менен кыркат да, табылгы сабоо менен сабалат. Жүндүн 1, 2, 3 тарамы (түрү – ред.) болот. Тазасы, эң биринчиси үстүңкү бетине чыгат. Аны уютууда алгач ысык сууну чачып, чийди оройт, анан тоголото баштайт. Уютулганы белгилүү болгондон кийин оң, сол болуп басылат (басуу – сууланып, оролгон кийизди тизелеп алып, эңкейип эки билек менен бышыруу, ийге келтирүү. Бул эки колдун күчү менен жасалуучу процесс – ред). Кийизди кургатып дагы жууйт жана да чийи жок эле оң, сол басат. Дагы кургатып, кайра басат. Көп басканда кийиз жакшы уюйт. Ал аракет жазгы, күзгү козунун жүнүнөн жакшы болот. Кийизди эми бордоо үчүн тоодогу борду алып келип, корго көмөт. Бордун чекелерин кырып, бышканын баамдайт. Сыртын кырып таштап, тоскоктой (тозоң, чаң) майдалап, ысык сууга чылайт (бордоо - кийизди агартуу ыкмасы – ред.). Тунмасын кийизге сүртүп, дагы оң, сол эки жолу басат да, ачык күнгө жайып, кийизди кургатып алат. Андан соң биз суктанып жүргөн калпакты жасоо процесси башталат.
Дагы бир ыкма: кээ бир уздар кийизди уютууда козунун күзгү үлпүлдөгөн ак жүнүн гана пайдаланган. Аны даярдоо жогорудагы ыкмадан бир аз айырмаланган. Жүндү жууп, бор кошуп (бор таш кат-кат болуп көрүнөт. Ошону алып келип, корго салып бышырып, сыртын кырып салып, ички тазасын сокуга жанчат) казанга кичине кайнатат. Үстүнө муздак суу куюп, жүндү чылап, эки-үч күндөй жаткан соң "кирип" кетпеш үчүн көз-көз ийне менен илип-тартып араларын ачып, борго аралаштырып турушкан. Суу боюнча араларын ачып, жүндү күн ачыкта таза кермеге илип коет. Кургаган соң сабап, майдалап тытып, чийдин үстүнө таза кездеме же башка нерсеге (ансыз чийдин кабыгы уютулган жүндү жулат, кийизди бузат) жүндү жаят. Үстүнөн кайнак сууну чөмүч менен текши сээп, бир четинен чийди тоголоктоп, тепкилебей кол менен басып ийлейт. Кийиз киргенден кийин чийдин үстүнө коюп билектеп таза суу менен тазалайт, жууйт. Даяр болгон кийиз бүктөлүп кирделет (үстүнөн муздак суу куюп чыйралтуу – ред.). Суусу сарыккан кийизди күн ачыкта жайып кургатат.
Түрлөрү. Салттуу калпакты кыргыздар ар кандай атаган. Эл ичинде жасалышына, кийген адамдын коомдогу ордуна жараша дагы айры калпак, тилик калпак, туюк калпак, хан калпак, Бакай калпак, киш калпак, төрт талаа калпак, эки талаа калпак деп айтылып келген.
Калпакты тигилиши боюнча үч топко бөлүп караса болот. Биринчиси — калпактын кийизи кесилбестен уютулуп жасалат, экинчиси — эки тилкеге бөлүнүп бычылат, үчүнчүсү — төрт тилкеге бөлүнүп даярдалат.
Алгачкы түрүндөгү калпактар кийизден уютулуп жасалган, аны уютма калпак же туюк калпак деп аташкан. Бычылбайт, атайын тигиши жок, бирок кыюуланган. Жүндөн уютуп, үбөлүктөп, кайра бышырып, төбөсү топтоголок, этеги тегерек түргө келтирилет. Бул чоң чеберчиликти талап кылган. Себеби берки баш кийимдердин кийизин ченеп, кесип алып бириктирсе, туюк калпакты көз болжол менен жасоого туура келген.
Айры калпак деп аталган түрүндө төрт талаасынын кошулган жерлери жана жээги кыюуланып, төрт жеринен кичине шара тилик калтырылат. Ал эми тилик калпакта төрт талаасы кыюуланбайт да, ак жип аркылуу бириктирилип, эки жеринен чоңураак тилик калтырылат. Илимий эмгектерде киш калпак туурасында да айтылат. Ал эки талаага бөлүп бычылган. Жээгине киштин териси кармалган. Дал ушундай киш калпак учурда Улуттук тарых музейинде Кыргызстандагы эң байыркы калпак катары сакталып турат. Эксперттер аны XVIII кылымга таандык деп айтышты. Кезегинде атактуу окумуштуу Саул Абрамзон 1946-жылы өз коллекциясына Тянь-Шань облусунун Ак-Талаа районунан таап, кошкон.
"Кийиз дүйнө" коомдук фондунун 2010-жылдагы изилдөөсүнөн кийин Кыргыз улуттук тарых музейине калпактын 80 түрү көргөзмөгө коюлган. Бул баш кийимдер талаа изилдөөлөрүнөн чогулган Мамлекеттик тарых музейдин фондундагы, "Кыргызфильм" студиясынын жана “Кийиз дүйнө” коомдук фондунда сакталган калпактардын жыйындысы болгон. Алардын өзгөчөлүгү - бычылышы, тигилиши, кооздолушу жана сакталган мезгили эле.
Бирок өмүрүнүн көп бөлүгүн калпакты изилдөөгө арнаган этнограф Амантур Акматалиевдин калпакты майдалап ар кыл түргө бөлүү туура эмес деген пикирин билдирген. Бул жерде ал жаш өзгөчөлүккө жараша бөлүнгөнүн эмес, түрлөрү, тигилиши, формасы туурасында айткан.
"Калпактын бир-эки гана жакшы үлгүсү болот. Кошой калпак, Бакай калпак, хан калпак, чоро калпак ж.б. деп жомоктогудай кооздоп, кыйма-чийме оюуларды бастырып жибериш анын сапатын арттырбайт, кайра төмөндөтөт. Биздин максат – калпактын алгачкы үлгүсүн сактап, кийинки муундарга мурас катары жеткирүү. Оюу түшүрүлгөн чааралекей калпак улуттук мүнөздү ачык, так далилдеп бере албайт", – деген Акматалиев бир нече жыл мурда.
Калпактын негизги өзөгүн сактап кийинки муунга мурас катары калтырып өткөрүү – маанилүү милдет. Анткени азыркыларга да улуулар, уздар мурас кылып, анын жасалышын, бычып-тигүүсүн, кийип жүрүү маданиятын дал ошондой кылып өзгөртпөй калтырып келген. Чыгаан уздар, усталар шакирттерине үйрөтүп жатканда мурасты кийинки муунга бүлдүрбөй өткөрүп берүү талабы болгон. Шакиртинин чеберчилиги артып, толугу менен өз алдынча иштеп калганда гана ага жасай турган буюмдун үлгүсүн жана аны менен кошо батасын берип өз бетинче иштеп кетүүгө узаткан. Убакыт өтүп, шакирт күткөндө улуулардын жолун жолдоп мурасын ал да окуучусуна өткөрүп берип келген. Азыркы күндө ар кыл элдин таасири менен дизайнер, сүрөтчүлөр өзгөчө бир жаңылык жаратууга камынып, бирок өзөктөн алган нерсесин туура жеткиргендин ордуна жаңы нукка салып жатып кандайдыр бир нерселерди кошуп, түпкү маани-маңызын жоготуп алып жаткан учурлар да байкалат. Калпак — улуттук баш кийим, ага кошумча, ЮНЕСКОнун коргоосунда болгондуктан ар бир чебердин кылдат мамилеси өтө зарыл. Кийинки урпактарга бул баалуу баш кийим туура жеткенде гана улуттун өзөктүк нерсеси сакталып калары шексиз.
Шөкөттөө. Калпактын чети чырашталат. Чыраш — сайманын бир ыкмасы. Мында төрт талаасы "кайчы кулак" же "кереге көз" аркылуу биригип турат. Бул — “илме дос” саймасынын бир түрү. Калпак чекелери да так ошондой сайма аркылуу кештеленет. Кештелөө — чыраштоонун бир түрү.
Айрым уздар жылкынын туу куйругунан алып, муздак сууга чылап, калпактын төрт талаасын бири-бири менен жип аркылуу ичинен бириктирип, берки төрт тал кылды ийнеге саптап алып, ичине эч нерсе койбой кадимкидей чырашташкан.
Ак жердикке салынган кара жип кара аттын кашкасындай ачыктыкты, тактыкты көрсөтүп, мындай өң көбүнесе улгайгандарга арналат. Ал эми жиби кызылы уландарга мүнөздүү келет.
Кыргыздардын салттуу кийимдерин кооздоо, көркөмдөөдө колдонулган саймалары геометриялык, жаратылыштык, айбанат стилинде болгон. Саймаларда кыргыз аялдарынын ой жүгүртүүсү, кыялдануусу, табиятка болгон мамилеси, салттык ырым-жырымы камтылган.
Ар кыл курактагылар, даражадагылар ар башка калпак кийген. Калпактын өңү, ага түшүрүлгөн оймо жана кырлары аркылуу ээси жөнүндө маалымат алса болот. Жеткинчектердин калпагына Умай эненин элесин берген оюу-чийме түшүрүлгөн. Чачысына бирөөлөрдүн көзү тийбесин деген сактануу менен көз мончок менен шуру өткөрүшкөн. Боз улан жана жигиттердин баш кийими кырларындагы өзгөчөлүктөргө жараша айырмаланган. Калпагынын кыры кызыл болсо, үйлөнүүгө даяр деген түшүнүктү айткан. Кыры күрөң түстөгүлөрдү үйлөнүп-жайлангандар, кара кыргактууларды орто курактагылар кийген. Аксакалдарга ак калпак мүнөздүү болгон. Алардын баш кийиминин кыюусу гана шөкөттөлгөн.

Калпак мүчөл жашка карата жетиге бөлүнөт.

Алар:
— мүчөлгө чейинкилер — 1 жаштан 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кийизинин түсү ак, көк, чөп жашыл, ачык күрөң болуп, кыюусу да адатта жашыл, көк сыяктуу ачык түстөр менен кооздолгон;
— 1 мүчөл — 13 жаштан 24 жашка чейинкилердин калпагы ак түстө болуп, жашыл кездеме менен кыюуланат. Жашыл түс жаштыктын, ѳсүүнүн түсү деп белгиленген;
— 2 мүчөл — 25 жаштан 36 жашка чейинки жигиттер кыюусу көк болгон ак калпак кийишкен. Бул куракта ал мырза бир үйдүн ээси болуп, ѳзүнчѳ түтүн булатат. Кѳк түс — асмандын өңү;
— 3 мүчөл — 37 жаштан 48 жашка чейинки кишилер ак калпак кийип, кыюусу күрөң, жердин түсүндѳ тигилген;
— 4 мүчөл — 49 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге кыюусу ачык күрөң, буудай түскө боелгон ак калпак сунушталса, 5 мүчөлгө — 61 жаштан 72 жашка чейинки аксакалдарга кыюусу ак түстѳгү калпак туура болгон;
— 6-мүчөл. Кыюусу ак-кара болгон ак калпак 73 жаштан улуулардын баш кийими деп эсептелген, себеби бул курактагы аксакалдар акты-ак, караны-кара деп уулдарына кеңеш берип, насаат айткан.
Баса, кийген адамдын социалдык абалына жараша ылайыктуусу өзгөчөлөнүп жасалган. Калпактын өзгөчө түрлөрүн социалдык абалы жогору тургандары гана кийишкен. Астыңкы эки бетиндеги саймасы тотемдик белгилер менен коштолгон. "Умай", "Илбирс", "Бугу" – негизги үч түрү эл оозунда айтылып келген. Мындай сайманын берилиши баш кийимдеги ыйык белги катары каралган. Кыргыздар үч уламышты кыргыз элинин келип чыгуусу тууралуу дарек катарында кабыл алышат. Бул белгилерди жалпы түрдө колдонууга уруксат беришкен эмес. Ал эми карапайым катмарына "көөкөр", "мүйүз", "жүрөкчө" ж.б. түркүн оюмдар түшүрүлгөн.
Калпак менен топу. Кыргыз эрлери эч качан жылаңбаш жүргөн эмес. Дайыма калпак, тебетей кийишкен, бул сырткы баш кийим болуп саналган. Аларды эске алганда топу туурасында айтпай кетүүгө болбойт. Бул жеңил баш кийим “аракчын”, “ичмек топу” деп аталат. “Ичмек топуну” калпак менен тебетейдин ичинен аталарыбыз дайыма кийишчү, азыркы күндө бул сейрек кездешип бара жатат. Аталган топуларды минтип кийүүнүн эки себеби болгон. Биринчиси башты тердетпейт, таза алып жүрөт. Калпактын ичи майланышып кирдеп кетпейт, дагы бир артыкчылыгы – калпак жылмышпай башка жакшы отурат. Топуну кир көтөрүмдүү кездемелерден тиккен. Кирдеп, майланышып калган учурда аны калпакка караганда улам жууп турганга ыңгайлуу болгон.
Аялзат үчүн жасалган калпактар болгонбу? Белгилүү изилдөөчү, этнографтар Клавдия Антипина менен Амантур Акматалиев кыз-келиндердин калпагы болгон деген маалыматтарды жазган. "Кыздарга ак жүндөн жука кылып, этегин эркектердикинен тайкы, тегерете жээгин үстүн көздөй имерилте бычып, ага үкү таккан деп айтылат" деп жазылган эмгектердин биринде.
Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, этнограф Акматалиев 1990-жылдары кыз калпагын тигүүнүн үлгүсү кайрадан жанданып жаткандыгын жазган. Бирок аталган эмгектерде сүрөттөлгөндөй, баш кийимдердин үкү тагылган сүрөттөрү факт катары калган эмес. Ал эми аялзатынын калпак кийүүсүн коомчулук негизинен кубаттай бербейт. Учурда уздар кыз-келиндер үчүн кийизден жасалган шляпа сымал баш кийимдерди сунуштап келишет. Алардын бир катарлары кийиздин турушунда берилсе, бир катарларын шырып жүрүшөт.
Калпакка мамиле жана ырымдар. “Калпакта шаң да, нарктуулук да болгондуктан муну жасагандай эле кийүүдө да ардактай билүү талап кылынат. Баш кийим назиктикти, жеңилдикти, сыйдалыкты өзүнө ич ара ширетип турат”, - деп белгилеген этнограф Амантур Акматалиев.
Калпактын түзүлүшүндө жана өнүгүшүндө, аларды кийүү тартибинде көптөгөн ырым-жырым сакталып келген. Калпакты эч качан жерге, баскылыкка ташташкан эмес, керегенин башына илип же жүктүн үстүнө коюшкан. Барктап, баалап мамиле жасашкан. Калпак — кыргыз элинин көп кылымдардан бери кийип келген алмаштыргыс баш кийимдеринин биринчи сабында турат.
Калпакка түшүрүлгөн сайма көчөттөрүнүн кээ бири тотемдик белги катарында каралган. Кыргыз элинде айтылган уламыштар баш кийимге оюулар аркылуу сүрөт болуп берилген. Мындай сүрөттөрдү жамандыктан сактоочу белги катары карашкан. Ак жана кызыл түстү өзгөчө касиетке ээ деп эсептешип, үйлөнүү үлпөтүндө, даражасы жогорулаганда кийишкен.
Негизи ошол аймакта жашаган уздар ар бир уруунун эн тамгасын колдонгон деген маалыматтар бар. Калпак азыркы тил менен айтканда — таажы. Шөкөттөлүп хандарга, улуу даражалууларга кийгизилген. Сактоочу, коргоочу катары умай оюудан сырткары илбирсти, эр оюулар (күч-кубат, дем берген) да салынган.
Азыркы тенденция. Бул материалда негизинен мурдагы кыргыздар кандай калпак кийгени, анын кантип тигилгени, кооздоо техникалары тууралуу сөз болду. Ал эми азыркы мезгилге келсек, Кыргызстан эгемендигин алгандан кийин калпакты жайылтуу, ага болгон мамиле башкача өңүт алып, жандана баштады. Жасоо ыкмалары, түрлөрү арбыды, уздар жана алардын чеберчилиги да түрдүү боло баштады. Оюулардын, калпактын формаларынын саны балким байыды, балким, этнограф Акматалиев айткандай, ашкере көбөйдү.
Белгилей кете турган жакшы жагы, атаандаштык арбыгандан улам сапат да жакшыра баштады. Акыркы он жыл аралыгында коомдо бул баш кийимдин кадыры артты. Мыкты кийиздерден уздарга буйрутма берип тиктирип кийгендер көбөйдү. Учурда алардын баасы 400 сомдон 4 500 сомго чейин турат. Эксклюзивдүү калпактар пайда болду. Биздин экспертибиз алардын бири – күмүш калпак экендигин айтты. Тагыраагы, таза кийизден тикесинен тик тургандай жасалып, ага күмүштөн жасалган куйма тагылат.

Калпак боюнча фактылар

Бир калпакка 150-230 граммдын тегерегиндеги кийиз кетет.
Бир калпакты уз эки саатта тигип бүтөт.
Жакшы жасалган калпактар ээси барктап кийсе 20 жылга чейин чыдайт.
Кыргызстандагы сакталып турган эң байыркы калпакка орточо эсеп менен алганда 300 жыл болду.
Бир калпактын баасы учурда 500 сомдон 4 500 сомго чейин.
Жакшы жасалган калпак оңойлук менен бүктөлө бербейт. Төрт талаа менен гана бүктөп, салып алса болот.
Мурдагы кыргыздар калпакты чоочундарга эч качан белекке берген эмес. Абдан сыйлаган, даражасы бийик конокторго ат мингизип, чепкен жапкан. Бирок баш кийим тартууланган эмес.
Азалуу кишинин калпагынын төбөсү чөгөрүлүп (түшүп) турат. Кыргыз маданиятында адамдын кыймыл-аракети, кийип турган кийиминен эле көп нерсени билип койсо болот. Маселен, адамдын жакыны акка моюн сунганда калпагынын төбөсүн чөгөрүп кийгени. Муну байкаган башкалар ал кишиге аяр мамиле кылышкан.
Материалды даярдоодо Амантур Акматалиевдин эмгектери колдонулду. "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун долбоорлор боюнча координатору, салттуу кийим боюнча адис Дөөлөт Рысбаев жана тарых илимдеринин кандидаты, этнограф, Улуттук тарых музейинин илимий кызматкери Назира Момунбаева эксперт болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0