Акылбек Жапаров: ЕАЭБ өлкөлөрүндө жашаган элдин кирешесин теңдөө керек

Жыйындын катышуучулары буга чейин ЕАЭБ мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаал жана аны туруктуу өнүктүрүү тууралуу докладды окушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ мамлекеттеринин жашоочуларынын кирешесинде болгон айырманы азайтууга чакырды. Ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда.
Жапаровдун айтымында, жыйындын катышуучулары буга чейин ЕАЭБ мамлекеттериндеги макроэкономикалык кырдаал жана аны туруктуу өнүктүрүү тууралуу докладды окушкан.
"Докладда биримдикке мүчө мамлекеттердин өнүгүүсүндө бир топ айырма бар экени көрүнүп турат. Мындай шартта өнүгүү жана жарандардын кирешесинде чоң айырмачылык болуп калышы мүмкүн. Биз мүчө мамлекеттердин экономикасын конвергенциялоо жолу менен бул тенденцияны токтото алабыз", — деди Жапаров.
Бул тууралуу пландарды быйыл иштеп чыгууну сунуштады.

Конвергенция деген эмне?

Бул мамлекеттерди жакындатуу процесси. Конвергенция теориясы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикасына индустриалдык өлкөлөрдүн экономикасына караганда тездик менен өсүүгө мүмкүндүк берет. Демек, бара-бара жарандардын кирешеси теңелет.
Мишустин: Россияда 5 миңден ашык кыргызстандык бюджеттик негизде окуйт