Россиянын Донбасстын эки республикасын таанышы атлантикалык дүйнө түзүлүшүн кыйратуу боюнча аракеттин урунттуу учуру болдубу? Жок, бул жөн гана процесстин уландысы. Жашоо токтоп калган жок. Россия объективдүү реалдуулукту мойнуна алды: сегиз жыл мурун эле Донбассты колунан чыгарып жиберген Украина өзүнүн бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн өзгөрүүнү каалабайт.
Украинага Донбасстын кереги жок, башкача айтканда, атлантисттер менен жергиликтүү элита Россияга каршы туруктуу форпортко айланып анти-Россия болгон Украинага кереги жок. Мындай Украина үчүн Донбасстын алысташы "белек" сыяктуу. Бирок ушуну менен бүтүп калса эмне? Бүтпөйт, анткени Россия үчүн Украина тышкы саясат же коопсуздук маселеси эмес. Бул өзүн өзү таануунун, өз эли, өлкөсү, тарыхы үчүн жоопкерчилик сезе билүүнүн маселеси. Демек, бул Россия Федерациясы же СССРдин тарыхы эмес, бул — Россия менен орус элинин тарыхы.
Дал ушул себептен Путин ЛЭР менен ДЭРди таануудан мурда орустар менен Россиянын өкүлү катары Украина боюнча тарыхый лекция окуду. Россия Украинаны өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт, албетте, макул болбой, орус империализмин күлкүгө сала берсе болот. Бирок орустар мунун кашкайган чындык экенин билишет, өз тамырын, тарыхын аңдап, кандай жерде кандай коркунуч жаралып жатканын туюшат.
Батыш алдыга сүрөгөн глобалдашуу доорунда, Евробиримдиктин өзүндө суверенитет эле эмес улуттук иденттүүлүк жоюлуп бара жаткан маалда "мамлекеттердин көз карандысыздыгы" тууралуу идеяны даңазалоо — күлкү келтирерлик иш. Бөлүнүп, чачырап кеткен орус мамлекети азыр тарыхый мейкиндигин тактап, чогултуп, башка күчтөр империянын урандысынан Россияга каршы аймактарды түзбөшү керектигин айтып келет. Же орустар Европага барып, коркутуп жатабы? Тескерисинче, Батыш өлкөнүн ич ара бөлүнүүсүнөн пайдаланып Россиянын чегине жакын келип, контрчабуулга өтүүгө мажбурлап, эми "агрессорду токтоткула" деп ач айкырык салууда.
Украина азыр жөн гана курмандык, орус экспансиясынын эмес, ач көздүк менен алысты көрө билбегендигинин курмандыгы. Элитасынын жана Батыштын мурдунан алысты көрө албаганынан улам курмандыкка айланып отурат. Россиядан Украинаны бөлүп кетүү аракети ушунчалык бетпактык менен жасалды — өлкө өзү алсызданып кыйрай турган маалды күтүшү керек эле. Окуя башка нук менен кетсе, орустар сөзсүз өзүнүкүн кайтарууга келмек. Дал ушул нерсеге азыр күбө болуп жатабыз, анткени геосаясий жана моралдык жактан өлүккө айланган Россия гана Украинадан, өзүнөн, өзүнүн фундаментинен баш тарта алмак.
Батыш 2014-жылы өлкөнү толук колго алгандан кийин стратегиялык ийгиликке көп деле үмүт арткан эмес, атлантисттер Россия менен Украинанын ортосундагы каршылыкты көпкө чейин сактап турууга кызыкдар эле. Россиянын каарынан коркуп Украинаны атлантизациялоого басым жасоодон да тартынды. Ошол эле учурда Киев элитасын жардам алуу ниетинен да кол жуудура алмак эмес, болбосо азыркы Украинанын анти-Россия катары конструкциясы үбөлөнүп түшмөк.
Батыштын кепилдигинин баасына Украина бийлиги февралда, англосактар менен европалыктар элчиликтерин Львовго көчүрө баштаганда күбө болду. Мунун баары аскердик күчүн көрсөткөн Россия тараптан келчү "коркунуч" тууралуу айтып жаткан маалда жасалды. Атлантисттер Украина НАТОго кирбейт деп кепилдик бербесе да сөзү, иши менен аны коргобой турганын көрсөттү. Башкача айтканда, "Украина це Европа" конструкциясы Россиянын караанынан эле упуранып түштү.
Эми Киев Батыш сатып кетти деп ачык эле күнөөлөй баштады. Муну Зеленский Мюнхенде да кыйыткан:
"2014-жылдан бери Россия биздин туура эмес жолду тандап алганыбызды, Европада бизди күткөн эч ким жок экенин айтып келет. Мунун жалган экенин Европа далилдеши керек да? Биздин жарандар Украинанын биримдикке кошулушун колдойт деп ЕБ айтышы керек да? Эмне үчүн биз бул маселени чечүүдөн оолактап жатабыз? Украина түз, так жооп алууга татыктуу эмеспи?"
Украина президенти кандай жооп алам деп ойлоду? "Биз Украинаны кошуп алалы деп эле жатабыз, бирок бул иш колубуздан келбейт, андыктан өлкөңөрдү Россия менен оюн жүргүзүүгө жана аны тизгиндеп турууга гана пайдалануудабыз". Мындай ачык жоопту Зеленский эч убакта ала албайт. Ал эми европалыктар англосактык оюндун курмандыгы болуп жатканын жакшы түшүнүп турушат, мындан улам жоготуунун азыраак болушуна ыктайт.
Киев бул чындыкты билгиси келбейт, ошон үчүн сөзүн токтотпой жатат. Сүйлөгөндө да Россия тарап кооптонуп жаткан нерселер тууралуу айтууда: орус жерлеринин батыш бөлүгү Европага өтүп, орус дүйнөсү менен Европанын чек арасы өзгөрүп жатканын каңкуулап келет. Шейшемби күнү Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба эмне деди?
"Мен ЕБди олку-солкулуктун баарын таштап Украина келечекте биримдикке кошулат деген кепилдик берүүгө чакырдым. Убактысы келди. Азыркы окуялардын фонунда Украинаны өзүнө кошуп алуу Европа жасай турган стратегиялык туура чечим болмокчу", — деди министр.
"Кемска волостубу? Ой, ала бергиле". Кулеба менен Зеленский өздөрүнө таандык нерсе менен соодалашып жаткандай, көз карандысыз мамлекеттин расмий адамдары имиш. Бирок орус тарыхынын таразасында бул экөө эч ким эмес, жөн гана бирөөнүн мүлкүнө ээ боло калган адамдар.
Европанын үн катпай турушу деле Кулебаны токтоткон жок, ал Вашингтонго учуп барып, Байден менен сүйлөшкөн соң америкалыктарга Украинаны сактап калуулары керек экенин түшүндүрүүгө аракет кылды. Карапайым америкалыктарга CNN аркылуу кайрылды:
Биринчиден, 1994-жылы Украина дүйнөдө көлөмү боюнча үчүнчү орунда турган өзөктүк арсеналынан баш тартты. Аны убадаланган (АКШ көбүрөөк) коопсуздук кепилдигине алмашканбыз. Эгер бизге кол салуу болсо жардам берчү мамлекеттердин катарында АКШ да болору айтылган.
Экинчиден, ушу тапта Украинада болуп жаткан окуялар Украинага эле тиешелүү эмес. Путин евроатлантикалык тартипке чакырык таштап жатат. Эгер Батыш Украинада жеңилүүгө дуушар болсо, Путин кийинки бутасын НАТОнун чыгыш флангындагы бир өлкөгө багыттайт.
Үчүнчүдөн, эгер Путин жеңишке жете турган болсо, дүйнө түзүмүн өзгөртүп, АКШдан озуп кетүүнү каалаган башка оюнчулар Батыш колдоого алган тараптарды коргой албай турганын көрүшөт. Андыктан америкалыктар дүйнө түзүмүн азыркы кейпинде сактап калууга кызыкдар болушу керек, бул түзүмдүн келечеги ушу тапта Украинада аныкталып жатат".
Жүйөлөр америкалыктарды канчалык деңгээлде ынандырды? Кепилдик тууралуу биринчи аргументи дегеле суу кечпейт, убада бергенсиңер... Клинтондун убагындабы? Эми силер үчүн Россия менен согушушубуз керекпи? Жок, америкалыктар буга барбайт.
Экинчи жүйөсү Американын Европадагы үстөмдүгүнө байланыштуу. Башкача айтканда, эгер азыр Украинаны Путинге кармата берсеңер андан кийин ал Польша менен Прибалтиканы мээлей баштайт. Алар НАТОго мүчө болгондуктан ошол жакта согушасыңар. Мындай сөз англосактык саясий элитага таасир этиши мүмкүн, бирок кептин баары бул аргументти аглосактардын өздөрү ойлоп таап, 2014-жылдан бери аны кеңири жайылтып келгенинде.
Прибалтиканы Россияга кармата берүүгө Вашингтон макул эмес, ошентсе да согуш чыгып кетсе аскерий жардам көрсөтө албасын жакшы түшүнөт. Бирок Россиянын НАТО өлкөсүнө кол салат дегенге акылы кем эле киши ишенбесе, көп адамдын оюна келбейт. Демек, бул жүйө да жарабайт.
Үчүнчү аргумент кичине чындыкка жакыныраактай сезилет. Ооба, сезилет, анткени болуп жаткан окуяны теңирден тескери кылып көрсөтүп жатышат. Эгер Путинге алдырып жиберсеңер баары (Кытай) Батыштын колунан эч нерсе келбей турганын көрүшөт. Анан бүттү, азыркы дүйнө түзүмү кыйрап түшөт. Андыктан атлантикалык дүйнө түзүмүн сактап калгыңар келсе, Украинаны сатпагыла.
Бирок маселе англосактар глобалдуу үстөмдүк долбоору менен эбак эле аша чаап кеткенинде, ревизионист деп атаган өлкөлөр муну эчак түшүнгөн. Түшүнүп, акырындап англосактардын мунарасын, анын ичинде өз үйлөрүнө жакын куруп салган мунараларын кыйратуу аракетин улантып келе жатат. Россия мына ушуну менен алек — ишке ашпай калган дүйнө түзүмүнүн архитекторлорун өз чегинен, тарыхый чек арасынан алыстатууда.