Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин ЛЭР жана ДЭРге байланыштуу келишимге кол койду

Эки документти тең бүгүн, 22-февралда, Мамлекеттик дума кабыл алып, Федерация кеңеши жактырган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Донецк Эл Республикасы менен Луганск Эл Республикасынын ортосундагы өз ара жардам жана кызматташуу боюнча достук келишимин ратификациялоо мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.
Эки документти тең бүгүн, 22-февралда, Мамлекеттик дума кабыл алып, Федерация кеңеши жактырган.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталган. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон.
Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын ДЭР менен ЛЭРди таанышы. Рада билдирүү кабыл алды