Эл кайсы учурда Соцфонддон акча ала алат? Расмий жобонун шарты

Бүгүнкү күндө Топтомо фондунда 29 миллиард 945 миллион 731 миң сом бар.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Социалдык фонддун алдындагы топтомо фондунун директору Рахат Пирматов кыргызстандыктар чогулган каражатын кандай учурда ала аларын айтып берди.
Учурда Социалдык фонддун жетекчилери парламентте отчёт берип жатат.
Пирматовдун айтымында, жарандар Топтомо фондундагы акчасын үч түрдүү себеп менен алса болот. Биринчиси — өз курагы менен пенсияга чыкканда, экинчиси — ооруп калган учурда. Үчүнчүсү каза болгондон кийин мураскерине берилет. Бүгүнкү күндө мураскерлер 29,8 миллион сом топтомо акчасын алышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарандар ипотекага үй алып жатса алгачкы төлөм катары 200-300 миң сомун алып жатканын кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө Топтомо фондунда 29 миллиард 945 миллион 731 миң сом бар. Бул каражаттан өкмөт тарабынан бекитилген жобого ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууга 25,3 миллиард сом жумшадык. Калган 5 миллиард сомун коммерциялык банктарга депозиттик салым катары жайгаштырганбыз. Мындан жылына 13 пайыз киреше алып турабыз", — деди Пирматов.
Белгилей кетсек, топтомо эсеби жарандардын Социалдык фондго чегерген төлөмүнүн эки пайыздык бөлүгүнөн түзүлөт.
Пенсиялык топтолмо акча менен ипотека төксө болот. Соцфонддун долбоору