БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Пекин шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, өлкө башчы коңшу мамлекетке иш сапары менен кеткен. Анда Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушмакчы.
Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу болору айтылган.