Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот

Буга чейин Германияда Кыргызстандын элчиси болуп Эрлан Абдылдаев эмгектенген. Бул кызматты ал 2020-жылдын июль айынан берип аркалап келе жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери, оппозициячык саясатчы Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болорун бийликтеги ишенимдүү булактар тыстыктады.
Текебаев 63 жашта. Билими жогору. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайдын юридика факультетин бүтүргөн. Ошол жылдан тарта "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы. Жогорку Кеңештин беш чакырылышынын депутаты болгон.
Буга чейин Германияда Кыргызстандын элчиси болуп Эрлан Абдылдаев эмгектенген. Бул кызматты ал 2020-жылдын июль айынан берип аркалап келе жаткан.
Белгилей кетсек, азырынча маалыматты президенттин администрациясы ырастай элек. Жаңы Конституция боюнча өлкө башчы элчилерди Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин макулдугусуз эле дайындай алат.
Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков кызматынан бошотулду