Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков кызматынан бошотулду

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков. Архив
Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2022
Жазылуу
Рустенбековду жумуштан алуу жарлыгына мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Рустенбеков 2018-жылдын декабрь айынан бери Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматын аркалап келет. Ага чейин ал өлкөнүн Казакстан, Түркмөнстан мамлекеттериндеги элчилигин да жетектеген.
Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2022
Конституциялык соттун төрагасы Карыбек Дүйшеев кызматтан кетүүгө арыз жазды
Жаңылыктар түрмөгү
0