Бычып салуу. Жакынкы чет өлкөлөрдө педофилдер кандай жазаланат

Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө эң катаал жаза Казакстанда колдонулат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдө педофилдерге кандай жаза колдонулары жарыяланды. Маалыматты "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналы чогулткан.
Ага ылайык, 16 мамлекеттин ичинен жаш балдарды зордуктагандарга эң катаал жаза Казакстанда колдонулат. Анда педофилдерди 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратуу, өзгөчө учурларда химиялык жол менен бычып салуу каралган. Кыргызстан менен Латвияда өмүрүнүн аягына чейин кесүү жазасы берилет. Учурда Россияда жазанын мындай түрүн колдонуу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат.
Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү Тажикстан 25 жыл, башка өлкөлөр 20 жана 15 жылга чейин түрмөгө отургузат.
Бала зордуктагандардын жазасын 10 жылга көбөйтүү сунушталды. Чоо-жайы