Бензин менен дизель майынын баасы 2021-жылы кандай өзгөрдү
Бензин менен дизель майынын баасы 2021-жылы кандай өзгөрдү
Узаган жыл ичинде Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдар абдан кымбаттады. Салыштыруу: 2021-жылдын башында АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 38 сом болчу. Ал эми жыл соңунда 65 сомго жетти. Январдан декабрга чейинки аралыкта дизель майы 22 сомго, АИ 92 23 сомго кымбаттады.
Бензин менен дизель майынын орточо баасы 2010-жылдан бери кандай өзгөрдү
Бензин менен дизель майынын орточо баасы 2010-жылдан бери кандай өзгөрдү
Акыркы 10 жыл ичинде күйүүчү майдын баасы бирде өсүп, бирде түшүп турду. 2010-жылдан 2014-жылга чейин орточо баа өсүп отуруп туу чокусуна жетти. Ал эми кийинки эки жылда, тескерисинче, арзандай баштады. Мисалы 2016-жылы бензиндин баасы 2010-жылдагы көрсөткүчкө жетип, бирок кайра өсө баштаган.
2018-жылы АИ-92 менен АИ-95тин орточо баасы төмөндөдү. Дизель майы бир жыл кечигип арзандады. 2021-жылы күйүүчү майга болгон баа кескин өсүп кетти.
Графикада эң кымбат бензин Исфана менен Баткенде сатылары көрсөтүлгөн. Ал эми эң арзаны Токмок менен Балыкчыда катталган.
Тема боюнча: