Трамп 2024-жылы Ак үйгө кайтып келүүнү убадалады

Мурдагы лидердин 2024-жылдагы шайлоого катышары боюнча суроо ачык калган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Аризондогу митингде тарапташтарына 2024-жылы Ак үйгө келе турганын убадалаганын РИА Новости жазды.
"2024-жылы биз Ак үйдү кайтарып алабыз", — деген ал.
Трамптын 2024-жылдагы шайлоого катышары боюнча суроо ачык калган. Саясатчы буга чейин ага так жооп бергенге болбой турганын, бирок тарапташтарын кубантарын айткан.
Ал арада 2020-жылы президенттик шайлоодо экинчи орунга илинген сенатор Тед Круз шайлоого катыша турганын жарыялады. Ал эми АКШнын азыркы президенти Жо Байден Трамп шайлоого бара турган болсо, ал да талапкерлигин кайра коерун билдирген.
Трамптын кишини ыңгайсыз кылган тамашалары. Экс-катчысы китеп жазды
Байден алсыз, Путин күчтүү позициядан мамиле курууда. Экс-кеңешчинин пикири