БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-январда, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сүйлөшүү Түркия тараптын демилгеси менен уюштурулган.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин, ошондой эле региондогу азыркы кырдаалды, анын ичинде Казакстандагы окуяларды талкуулашты.