БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды.
Ага ылайык, узаган жылы абактардан 127 килограммга жакын ар кандай баңгизат алынган.
Ошондой эле тиешелүү профилактикалык иш-чаралардын алкагында түрмөгө кесилген 10 адам диний-экстремисттик жана террордук агымдардын идеяларынан баш тарткан.
ИИМ менен биргелешип жүргүзүлгөн "Качкын" аталышындагы атайын иш-чаранын жыйынтыгында издөөдө жүргөн 89 соттолгон киши аныкталып, кармалганы айтылды. Мындан сырткары, беш соттолгон адамга бошотулгандан кийин социалдык жардам көрсөтүлгөн.
2021-жылы Жаза аткаруу мекемесине карашту "Келечек" мамлекеттик ишканасы беш жаңы өндүрүштүк аянтча ачкан. Алар: брусчатка чыгаруучу цех, тооктун жумурткасы үчүн лоток даярдоочу бөлүм, тоок союучу цех, сувенирлерди, нукура булгаары менен кийиз чыгаруучу жай жана кир самын чыгаруучу цех. Бул жактарда абакта отургандар эмгектенет.