БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Борбор калаада 21-декабрдан тарта жаңы жылдык жарманкелер өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеде айтылгандай, үй-бүлөгө жана досторго арналган белектерди, айыл чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди төмөнкү даректерден алууга болот:
21-26-декабрь күндөрү саат 15:00дөн 18:00гө чейин — "Ынтымак-2" паркы;
21-30-декабрь күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин — Чүй проспекти менен Эркиндик бульварынын кесилишинде.
Мэрия жарманкелерде бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сактала турганын белгиледи.