Нарын: Дөбөлү айылында жаңы бала бакча ачылды. Сүрөт

"Небере келечеги" бакчасы түшкөн жерди Дөбөлү айылынын 2015-жылы мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөр сатып беришкени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Нарын районунун Дөбөлү айылында 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан кабарлады.
"Небере келечеги" бала бакчасы бүгүн, 16-декабрда, салтанаттуу ачылган.
"Бала бакчаны курууга Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги программасынын (АРИС) "Айыл жергесине бала бакча куруу" долбоорунун алкагында 18 миллион 358 миң 590 сомдук смета түзүлгөн. Ал Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосуна алынган, ал эми коомчулуктун ѳздүк салымы 664 миң сомду түздү", — деп билдирди акимчиликтен.
Маалыматта бала бакча куруу үчүн жер тилкесин Дөбөлү айылынын 2015-жылы мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөрү 250 миң сомго сатып беришкени айтылган.
Бөбөктөр тарбияланчу бул жай керектүү эмерек, техника жана жабдуу менен камсыздалган.
1 / 3

Нарын районунун Дөбөлү айылында 50 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

2 / 3

"Небере келечеги" бала бакчасы бүгүн, 16-декабрда, салтанаттуу ачылган

3 / 3

Маалыматта бала бакча куруу үчүн жер тилкесин Дөбөлү айылынын 2015-жылы мектепти аяктаганына 20 жыл болгон бүтүрүүчүлөрү 250 миң сомго сатып беришкени айтылган

Акимчиликтен келечекте аянтчасы, кѳрктѳндүрүү жана жашылдандыруу иштери дагы жасаларын кошумчалады.
Салтанатта райондук администрация жетекчиси Нуридин Мадимаров бала бакчанын курулушуна салымын кошкон атуулдарга ыраазычылык каттарды тапшырган.
Ош шаарында 120 орундуу бала бакча ачылды. Сүрөт