Депутат болчу талапкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Талапкерге улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып коюлуп, ага карата кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. А.Т. аттуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.
Ага улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. Шектүү № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп чыккан.
"БШК аталган талапкерди Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. 6-декабрда ал айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.