Ысык-Ата шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

© SputnikЫсык-Ата шайлоо округу
Ысык-Ата шайлоо округу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Чүй облусундагы №26 Ысык-Ата шайлоо округунан Акбөкөн Таштанбеков 16,64 пайыз (65,22 пайыз добуш саналып бүттү) добуш алып, атаандаштарын артта калтырды. Бардыгы 11 талапкер аттанган.
№ 30 округдагы шайлоочулардын саны — 96 697. Ага Ысык-Ата районунун Кант шаары жана бардык айыл аймактары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0