БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.
Sputnik Кыргызстан эң көп киреше тапкан алты эл өкүлүнүн декларациясын карап көрдү. Белгилей кетсек, материалда учурдагы статусуна карабай былтыр депутат болуп тургандар көрсөтүлдү.
Рейтинг боюнча Азамат Арапбаев депутаттардын эң байы аталды. Ал өткөн жылы 54,4 миллион сом киреше чогулткан.
Экинчи орунда экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун (азыр Даниил Урицкий деген ат менен белгилүү) мурдагы жубайы Динара Исаева турат. Ал 28,8 миллион сом тапкан.
Үчүнчү сапка илинген Исхак Пирматовдун жылдык кирешеси 16,8 миллион сомду түзөт.
Ал эми Салайдин Айдаров 16 миллион сомго чукул каражаты менен төртүнчү орунду ээледи.
Бешинчи орунда турган Орозбек Алыбаевдин былтыр 12,5 миллион сом иштеп тапканы белгилүү болду.
Депутат Орозбек Алыбаев
© Фото / пресс-служба ЖК
Иса Өмүркуловдун кирешеси дагы 12,5 миллион сомго чукулдап, алтынчы орунга чыкты.
Депутат Иса Өмүркулов
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Мындан башка депутаттардын бир жылда иштеп тапкан акчасы 10 миллион сомго жеткен эмес.