Эмгек жолу:
- 1995-2005-жылдары курулуш жана коммерциялык компанияларда жетекчилик кызматтарда иштеген.
- 2000-2001-жылдары Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
- 2005-2006-жылдары "Кыргызмунайгаз" Ачык акционердик коомунун маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.
- 2006-2008-жылдары "Кыргызмунайгаз" ААКсынын маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.
- 2007-2008-жылдары "Кыргызмунайгаз" ААКсынын башкармалыгынын мүчөсү болгон.
- 2008-2010-жылдары "Кыргызмунайгаз" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы кызматын ээлеген.
- 2010-жылы октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
- 2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы, 2011-2012-жылдары Жогорку Кеӊештин Экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы болгон.
- 2011-2012 — Жогорку Кеӊештин Экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы
- 2014-жылдын 28-майында "Республика" фракциясы "Бир бол" партиясына мүчө болгондуктан өзүнүн тизмесинен чыгарган.
- 2015-жылы парламенттик шайлоого "Бир бол" партиясы менен барып, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.