"Альянстан" келчү депутаттардын бизнеси. Көбү коомдук фонд, бирикме жетектейт

АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, беш пайыздык босогодон алты партия өтүп, алардын ичинен "Альянс" партиясы шайлоочулардын 8,35 пайыз добушун алып жети мандатка ээ болмокчу.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги партиядагылардын ээлик кылган бизнесин тизмектөөнү улантат. Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан", "Ишеним" жана "Ынтымактан" келчү депутаттардын мал-мүлкүн карап чыккан. Маалыматтар Юстиция министрлигинен алынды.
Юстиция министрлигинин порталында Алтынбек Сулайманов "Бир бол" партиясынын төрагасы катары гана көрсөтүлгөн. Ага башка ишкердиктин субъектилери катталган эмес.
Алтынбек Сулайманов
Мурдагы тышты иштер министри Чыңгыз Айдарбеков "Инновация" коомдук бирикмеси менен фондусун жана "Короо спорт лигасы" коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.
Чыңгыз Айдарбеков
Азамат Исираиловго эч бир компания, фирма катталган эмес.
Расмий булактардагы маалыматтарга ылайык, Фарходбек Алимжанов мурун "Ак-Кайын" жабык акционердик коомун, соода-сатык менен алектенген "Бакай-Юг" ЖЧКсын жетектеген. Азыр "Инновация" интеллектуалдык өнүгүү жана бизнести колдоо институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана "Айбек Алимжанов" атындагы кайрымдуулук фондун башкарып келет.
Фарходбек Алимжанов
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Гүлкан Молдобекова жана парламентке аялдардын квотасы менен келе жаткан Нилуфар Алимжанованын атына бир да ЖЧК жазылган эмес.
Жанар Акаевге дүңүнөн соода кылган "Акаев идея" жоопкерчилиги чектелген коому таандык.
Жанар Акаев
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 эл өкүлүнөн куралат: 54ү пропорционалдык жол менен партиянын ачык тизмеси аркылуу келсе, 36 депутат мажоритардык система менен бир мандаттуу округдан мандат алмакчы.