"Ата-Журт Кыргызстандан" келчү депутаттардын бизнеси: ломбард, май куюучу жайлар

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение лиц на государственную должность
Назначение лиц на государственную должность - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Автоматтык түрдө эсептөөчү системанын алдын ала маалыматы боюнча, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын энчисине 15 мандат тиет. Sputnik болочок эл өкүлдөрүнүн бизнеси тууралуу материалдар түрмөгүн жарыялап турмакчы.
Шайлоонун жыйынтыгы менен алдыга озуп чыккан саясий бирикмелердин бири — "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы.
Жекшембиде Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Автоматтык түрдө эсептөөчү тутумдун алдын ала маалыматтарына таянсак, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 15 мандатка ээ болушу мүмкүн. Аталган партиядан парламентке келип калышы ыктымал деген он беш талапкердин бизнесине кызыгып көрдүк.
Маалыматтар Юстиция министрлигинин расмий сайтынан алынды.
Бакыт Төрөбаевдин атына "Өнүгүү" коомдук фонду катталган. ЖК депутаты болгонго дейре анын бир нече, атап айтканда, "Жамиля и К" фирмасы, "Азия-Сузак" чарбасы, ошондой эле ун чыгаруучу ири ишканасы болгон. 
Юстиция министрлигинин расмий порталындагы маалыматтарга караганда, "Ай-Балта" күзөт агенттиги, ошондой эле "Алай Инвест" жоопкерчилиги чектелген коому Фархат Исмаиловдун наамында. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Фархат Исмаилов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Фархат Исмаилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Фархат Исмаилов
Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашовго эки мекеме: Ош облусун өнүктүрүү фонду жана Алай районунун аймактарын өнүктүрүү фонду таандык. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Таалайбек Сарыбашов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Таалайбек Сарыбашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Таалайбек Сарыбашов
Айбек Маткеримов жеке ишканага ээ эмес, анын атына "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы гана катталган. 
© Фото / "пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Айбек Маткеримов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Айбек Маткеримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айбек Маткеримов
Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, Жеңишбек Токторбаев — "Дастан-Ж" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Жеңишбек Токторбаев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Женишбек Токторбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жеңишбек Токторбаев
Эльдар Сулаймановго катталган "Кыргыз-кытай биргелешкен корпорациясы" жоопкерчилиги чектелген коому бар. Ал саламаттык сактоо жаатында иш алып барат. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Эльдар Сулайманов
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Эльдар Сулайманов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эльдар Сулайманов
Равшанбек Сабировго бир нече уюм катталган. Алардын бири — Абулкасим Фирдовси атындагы кайрымдуулук фонду. Ошондой эле Рудаки атындагы КРдеги тажиктер коомдук биримдиги анын наамында. 
© Sputnik / Табылды КадырбековРавшанбек Сабиров
Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Равшанбек Сабиров
Тийиштүү министрликтин сайтында Жылдыз Садырбаевага катталган компания жок. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Жылдыз Садырбаева
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Жылдыз Садырбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жылдыз Садырбаева
Алишер Козуев "РОССИЯ Нефть" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Компания күйүүчү май, майлоочу материалдар жана техникалык май сатуу менен алектенет. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Алишер Козуев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Алишер Козуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Алишер Козуев
Жаныбек Кыдыкбаев — "Айылым-Маман" коомдук фондунун түптөөчүсү. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Жаныбек Кыдыкбаев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Жаныбек Кыдыкбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жаныбек Кыдыкбаев
Мейкинбек Абдалиев, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "Ноокен биримдиги" коомдук бирикмесин түптөгөн. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Мейкинбек Абдалиев
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Мейкинбек Абдалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мейкинбек Абдалиев
Юстиция министрлигинин порталында Жамиля Исаевага катталган ишкана жана мекеме жок. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Жамиля Исаева
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Жамиля Исаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жамиля Исаева
Надира Нарматовага бир нече ишкана таандык. Алардын бири "Мээримбек" күйүүчү, техникалык май жана майлоочу материалдарды сатууга адистешкен. Ушундай эле аталыштагы дагы бир компания министрликтин сайтында кайрымдуулук уюму катары белгиленген. Булардан тышкары Надира Нарматова ломбардга ээлик кылат. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Надира Нарматова
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Надира Нарматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Надира Нарматова
Юстиция министрлигинин сайтында Камила Талиеванын наамындагы компания жана уюмдар тууралуу маалымат жок. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Камила Талиева
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Камила Талиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Камила Талиева
Гулшаркан Култаевага бир нече ишкана катталган. Алардын бири кыш, черепица жана күйгүзүлгөн чоподон жасалчу башка курулуш материалдарын чыгарат. Ошондой эле анын наамында туризм тармагына адистешкен MEGA-TOUR агенттиги, МЭГУ ишканасы бар. 
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Гулшаркан Култаева
Кандидат в депутаты ЖК от партии Ата-Журт Кыргызстан Гулшаркан Култаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Гулшаркан Култаева
Жаңылыктар түрмөгү
0