Дайыр Исмадияров уулу менен түшкөн видеосу үчүн 3 миң сом айыпка жыгылды

Ырчы социалдык тармактан эки жактуу комментарийлерди көргөнүн айтып, аны сындагандар дагы, колдогондор дагы бар экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Уулун тизесине отургузуп алып автоунаа айдаган ырчы Дайыр Исмадияров 3 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Уулун тизесине отургузуп алып автоунаа айдаган ырчы Дайыр Исмадияров 3 миң сом айыпка жыгылды
Буга чейин ырчы баласын алдына алып автоунаа айдаган видеосун өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган. Кадрлар интернетке тарап, анын Өзгөндө тартылганы айтылган. Интернет-колдонуучулардын айрымдары Исмадияров жол эрежесин бузуп жатканын жазышкан.
ЖКККББ Исмадияров баланы автоунаада алып жүрүү эрежесин бузганын айтып, ар бир айдоочу өз өмүрүнө гана эмес, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн дагы жоопкерчиликтүү экенин билдирди.
Ырчы өзү ЖМКлар окуяны көбүртүп-жабыртып жиберди деген мааниде билдирүү таратты.
"Эртең менен турсам, Кыргызстанда башка жаңылык жок калгандай баары мен жөнүндө жазыптыр. Журналисттерге айтарым, бирөөнү каралап, жаман жагын даңазалагандан көрө чечилбеген проблемаларды чыгарсаңар жакшы болмок. Өзгөн МАИчилери байланышып, протоколду колума карматты. Үч миң сом айып болуптур, кайталабагыла. Балам рулга отурам дегенинен 10 метр жерге жүрүп, эстеликке видеого тартып койгом", — деди Исмадияров Instagram баракчасында.
Ошондой эле ал социалдык тармактан эки жактуу комментарийлерди көргөнүн айтып, аны сындагандар дагы, колдогондор дагы бар экенин кошумчалады.