Бейшембиге карата аба ырайы

4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бейшемби күнү, 4-ноябрда, көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -2...-7, Талас чөлкөмүндө -3...-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө 0...-5, Нарын жергесинде 0...+5 градус болот.
Бул күнү Бишкекте жамгыр, кар, Ош шаарында жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -3...-5, Ошто +7...+9 градусту көрсөтөт.