Чыгыштын сулуулары Египеттеги кинофестивалдын кызыл килеминде. 15 сүрөт

Октябрдын орто ченинде Египеттин Эль-Гуна курорттук шаарында бешинчи кинофестиваль өттү. Иш-чара сегиз күнгө созулду.
Sputnik
Кинофестивалдын программасында 50дөн ашык тасма көрсөтүлдү. Маалыматка ылайык, "Титаникти көргүсү келбеген сокур адам" ("Слепой, который не хотел смотреть "Титаник") аттуу фин тасмасы жеңүүчү деп табылган. Анын авторлору баш байге "Алтын жылдызга" жана 50 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушкан.
Омар Эль Зохайринин "Перьям" тасмасы эң мыкты араб фильми деп табылды.
1 / 15
Кинофестивалга келген ливандык ырчы Майя Диаб
2 / 15
Саудиялык белгилүү теле алып баруучу Лоджайн Омран кызыл килемде бут кийимин чечип жатат
3 / 15
Египеттик модель Хеба Эль-Сиси кинофестивалдын алкагында тасма көрсөтүү учурунда
4 / 15
Кызыл килемде сүрөткө түшүп жаткан египеттик модель Энджи Кеван
5 / 15
Тунистик теле жылдыз Ильхем Шейер фотосессия учурунда
6 / 15
Кинофестивалдын жылдыздары ЖМК өкүлдөрү менен маектешип жатышат
7 / 15
Египеттик актриса Нагля Бадр
8 / 15
Египеттик актриса, фестивалдын негиздөөчүсү жана башкы директор Бушра Розза кызыл килемде
9 / 15
Сириялык актриса Несрин Тафеш кызыл килемде сүрөткө түшүп жатат
10 / 15
Иорданиялык актриса, теле алып баруучу жана ырчы Маис Хамдан
11 / 15
Египеттик актриса Энджи Киван фильмдин каарманындай кийинип келген
12 / 15
Египеттик актриса Маяр Эль Гити жана анын сиңдиси Мэй
13 / 15
Фатма Нассер. Тунистик актриса
14 / 15
Саудиялык теле алып баруучу Лоджайн Омран
15 / 15
Тунистик актриса Дорра Заррук кинофестивалдын кызыл килеминде