Кыргызстандын демилгеси ЕЭКтин отурумунда каралды

Михаил Мясникович ЕЭКке мүчө өлкөлөрдүн милдети ЕАЭБди өнүктүрүү боюнча иштөө экенин жана келишимдин жоболору менен чектелбестигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК комитети ЕАЭБдеги айырмачылыктарды, талаштуу жагдайларды жоюу, товар жүгүртүүнүн эркиндигин камсыз кылуу боюнча маселени карады. Ал ички рынокто бирдиктүү мамилелер биримдигинин жоктугу жөнүндө кош деңгээлде колдонулуучу жана аскердик багыттагы товарлардын кыймылын көзөмөлдөө эле.

ЕЭКтин маалымат кызматы билдиргендей, натыйжада ЕЭК Коллегиясынын башчысы Михаил Мясниковичтин жалпы принциптер жана биримдиктин ичиндеги көзөмөл механизмдери жөнүндө келишимди иштеп чыгууну демилгелөө сунушу колдоого алынды. Бул маселеге кененирээк мамиле кылууну камсыздап, текшерүү качан жана кантип жүргүзүлөөрүн тараптарга так түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

"Комиссиянын жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн милдети - ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболору менен чектелбестен, биримдикти өнүктүрүү боюнча иштөө", — деген Мясникович.

Тиешелүү отчет ЕЭК Кеңешинин отурумунда сунушталаары айтылды.

ЕАЭБ өлкөлөрү мунай жана мунайзаттын бирдиктүү рыногун түзүүгө макулдашты
Комиссия ошондой эле комитеттин жыйынында ЕАЭБде навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча келишимдин долбоору тууралуу акыркы пикир келишпестиктер четтетилгенин билдирди. Долбоор боюнча иш болжол менен беш жылдан бери уланып келе жатат, 14-сентябрда ал кеңештин мүчөлөрүнө сунушталган. Бирок талкуунун жыйынтыгында тараптардын айрым сунуштары боюнча бир пикирге келүү мүмкүн болгон жок.

Документтин комитеттин жыйынында талкууланышы макулдашылган позицияларды иштеп чыгууга жана тараптардын бардык сунуштарын эске алууга жардам берди.

"ЕЭК Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө долбоорду бир нече ирет өлкөлөр ичинде кайра кароого жөнөтүү чечими кабыл алынды. Ошол эле учурда тараптар аны бир айдын ичинде өткөрүүгө милдеттенме алышты. Биз ушул жылдын аягына чейин ЕАЭБ өлкө башчыларынын кол коюусу үчүн келишимди даярдайбыз деп аракет кылып жатабыз", — деген коллегия төрагасы.

Келишимдин долбоорунда темир жол жана автомобиль транспорту үчүн навигациялык спутник системасынын технологиясынын негизинде иштеген техникалык түзүлүштү колдонуу каралган.

Документ көзөмөлдөө объектилерин, жүктөрдү көзөмөлдөө учурларын жана шарттарын аныктайт.