Талаа аралаган танкалар. ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусунун видеосу

Кыргызстанда кечээ, 7-сентябрда, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин "Рубеж-2021" деп аталган аскердик машыгуусу башталды.
Sputnik

Анын ачылышы "Эдельвейс" аскердик окуу борборунда болду.

Кыргызстанда эртең башталчу ири машыгууга тажик аскерлери катышпайт
Буга Кыргызстан, Казакстан, Россия, ЖККУнун катчылыгы менен бириккен штабынын аскерлери жана ыкчам топтору катышууда.

Башкы максат — ЖККУнун аскерлерди башкаруу органдарынын (жамааттык күчтөр) жетекчилеринин иш тажрыйбасын жогорулатуу. Ошондой эле биргелешкен операцияда берилген тапшырмаларды аткаруудан сырткары аскердик бөлүктөрдүн эриш-аркак иштешүү чеберчилигин арттыруу.

Ага баш-аягы 1000 киши катышып жана 150 аскердик техникалар колдонулууда. Иш-чара 9-сентябрда аяктайт.