БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия менен Казакстандын премьер-министрлери Михаил Мишустин менен Аскар Мамин Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Алар Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.
Иш-чара 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Ал эми байкоочу өлкө болгон Өзбекстан менен Кубанын премьер-министрлери онлайн-байланыш аркылуу кошулат.
Жолугушуулар тар жана кеңейтилген форматта өтөрү айтылды.