Премьерлер Чолпон-Атада боло турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп келишти.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия менен Казакстандын премьер-министрлери Михаил Мишустин менен Аскар Мамин Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Алар Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.
Россия премьер-министри Михаил Мишустин жана министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов
Иш-чара 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Ал эми байкоочу өлкө болгон Өзбекстан менен Кубанын премьер-министрлери онлайн-байланыш аркылуу кошулат.
Жолугушуулар тар жана кеңейтилген форматта өтөрү айтылды.