Бишкекте үч көчө оңдолуп бүтүп, жол ачылды

Мэрия үч көчө оңдолуп, айдоочулар үчүн ачылганын белгилеп, дагы 13 көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы ордо калаадагы үч көчөнү оңдоп бүттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жасалган жолдун бардыгына белгилер орнотулуп, тротуарлар салынган.

"Леваневский көчөсүнүн Лев Толстойдон Асаналиевге чейинки бөлүгү, тагыраагы, 780 метр жер оңдолуп, ачылды. Мындан сырткары, айдоочулар эми Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү менен жүрө алышат. Оңдолгондон кийин бул жолдун туурасы кеңейип, эки жагына тең жөө адамдар баса турган тротуарлар салынды. Васильев көчөсүнүн Манас проспектинен Түлөбердиев көчөсүнө чейинки бөлүгү да жасалып бүттү", — деп айтылат маалыматта.

Васильев көчөсүнүн бир жагына гана тротуар салынганы айтылып, жол белгилери орнотулганы кошумчаланды. Ишкананын учурда дагы 13 көчөнү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатканы маалым болду.