Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын жарым финалына чыга албай калды

Бул Мээрим Жуманазарованын алгачкы Олимпиадасы болуп саналат. Эми нигериялык кыз финалга чыкса, Мээрим коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Олимпиада-2020 мелдешинин чейрек финалында нигериялык Блессинг Оборудудага утулуп калды.

Эсеп 3:2 менен аяктады. Биринчи бөлүктө 1:0 менен нигериялык кыздын пайдасына аяктаган эле.

Мээрим баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган.