Элдин мамлекеттик органдарга ишеними дагы азайды. Статистика

Элдин мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарга болгон ишеним индекси 2021-жылдын алты айына карата 26 пайызды түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга төмөн.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында кыргыз бийлигине калктын ишеним индекси былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Изилдөө учурунда 18 жаштан 75 жашка чейинки Кыргызстандын 3 600 жараны сурамжылоого алынган.

Сыйлыгы болсо камалбайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө каралган кепилдиктер
Элдин мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарга болгон ишеним индекси 2021-жылдын алты айына карата 26 пайызды түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга төмөндөдү дегенди билдирет. Кыргызстандыктар көп ишене бербеген органдардын сап башына Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги, Юстиция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Экономика жана финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, ИИМ, Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет чыкты.

Бул тизмеге Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Энергетика жана өнөр жай министрлиги да кирди. Жакында эле түзүлгөн Инвестиция министрлигине дагы эл анча ишене элек.

Ал эми эл ишенимине ээ болгон органдардын сап башына мурдагыдай эле өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү башкаруу органдары ээ болду.