БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Күндө Бишкектен эле 500дөн ашуун кишиден коронавирус аныкталып, абал курчуп баратат. Келе жаткан эки жумада ооругандардын саны мындан да көбөйөт деген божомол бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова билдирди.
Ал былтыркы жылдын июль айындагыдай кырдаал кайталанбаш үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, ордо калаадагы жалпы кырдаалды түшүндүрдү.
"Коронавирус жуктуруп келген бейтаптардын саны күн сайын өсүп жатат. Бирок аталган дартты дарылаган бизде чоң оорукана жок болгондуктан, ооруканалардын айрымдарын эле кызыл зонага айландырып, кошумча койкалар даярдалды. Медиктер учурда жетишип жатат. Мындан сырткары, "мен медикмин" дегендин баары акыркы протокол менен окуудан өтүп, кырдаалга даяр турушат", — деди адис.
Ал айрым бейтаптарда коронавирустун белгилери байкалбай туруп эле пневмония башталып кетип жатканын белгиледи.
"Коронавирустун 1-толкунуна салыштырмалуу бейтаптардын абалы боюнча медиктер күтпөгөндөй учурлар катталып жатат. Мисалы, айрымдарынан коронавирустун белгилери байкалбай эле дароо пневмония аныкталып, абалы оорлошуп кетүүдө. Негизи ооруканаларга көбүнчө бейтаптар Тез жардам кызматы менен келишет. Өздөрү деле кайрылгандар бар. Ошолордун көбү ооруну өтүштүрүп жиберүүдө. Оору жашарып, балдар, жаштар арасында да көп катталууда", — деди Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы.
Жусупбекова ооруканаларда ИВЛ аппарат, кычкылтек концентраторлору жетиштүү экенин кошумчалады.